Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

Ирандын бийлиги түрмөдөгү кош жарандыгы бар кишилер тууралуу маалымат берди

"Азаттык" радиосунун перс кызматында 10 жылдай иштеген, учурда Иранда камакта жаткан журналист Реза Вализаде.
"Азаттык" радиосунун перс кызматында 10 жылдай иштеген, учурда Иранда камакта жаткан журналист Реза Вализаде.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран түрмөсүндө камакта отурган кош жарандыгы бар адамдар (ирандык-америкалык жарандар) түрмөлөргө сокку урулбаса эле "коопсуз бойдон каларын" билдирди.

Ал бул тууралуу америкалык CBS телеканалынын алып баруучусу Маргарет Бреннандын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Журналист камактагы иран-америкалык жарандардын, анын ичинде журналист Реза Вализаде жана Камран Хекматинин абалына кызыккан.

Реза Вализаде 10 жылдай "Азаттык" радиосунун перс кызматы, "Фарда" радиосунда журналист болуп иштеген. Ал 2022-жылдын ноябрында иштен кеткен. 2024-жылдын март айында туугандарына жолугуу үчүн Иранга кайтып барган. Ошол эле жылдын сентябрында камакка алынган.

Үч айдан кийин сот аны “кас өкмөт менен кызматташкан” деген айып менен 10 жылга эркинен ажыраткан.

CBS News телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, Вализадеден тышкары учурда Иранда ирандык-америкалык жарандыгы ар үч киши абакта кармалууда. Алардын арасында 70 жаштагы Камран Хекмати жана улгайып калган дагы бир аял бар.

28-февралда башталган согуштан бери Вализаденин адвокаты жана чет өлкөдөгү достору анын же үй-бүлөсүнүн абалы тууралуу эч кандай маалымат ала электигин билдиришкен.

Аракчинин бул билдирүүсү Иран түрмөлөрүндөгү шарттар тууралуу терс маалыматтар көбөйүп жаткан маалда айтылды.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан HRANA укук коргоо уюму түрмөлөрдү керектүү буюм-тайымдар менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын кабарлады.

Уюм 11-мартта жарыялаган маалыматка ылайык, согуштук кырдаалга байланыштуу өлкөдө таза суу, тамак-аш жана медициналык жардамдын тартыштыгы жаралган.

Соккулардын алдында түрмөдөгүлөрдүн жакындары, укук коргоочулар кармалгандарды бошотууну же жок дегенде согуш маалында убактылуу эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG