Бириккен Улуттар Уюмунун эксперти Ирандын бийлигин карапайым кишилерге каршы ашыкча күч колдонууну токтотууга, жарандык эркиндигин билдирүү үчүн кармалгандарды бошотууга жана интернетти калыбына келтирүүгө үндөдү.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине сунуш кылган отчетто атайын баяндамачы Маи Сато Иранда былтыр жыл этегинде тутанган нааразылык акциялары маалында адам укуктары кеңири бузулган учурларды сүрөттөп, демонстранттарды атуу, негизсиз кармоо жана күнөөсүн күчтөп мойнуна алдыруу көрүнүштөрү жайылганын билдирди. Анын айтымында, камактагы бир нече киши, арасында жашы жетелек балдар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Документте ооруканаларга рейддер уюштурулганы жана курман болгондордун жакындарын коркутуу тууралуу айтылат.
Сато абал АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштагандан бери кескин начарлаганын белгиледи.
Маалыматтар боюнча согуш башталганы бир миңден көп катардагы адам каза тапты, жүз миңдегени үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Дүйнөлүк желени өчүрүү жана абактардагы шарттардын начарлашы камактагы кишилерди, жалпы ирандыктарды обочодо калтырып, бийликтин мыйзамсыз иштерине өбөлгө түзгөнү белгиленет.
Ислам жумуриятында улуттук валюта - риалдын кескин арзандашына жана инфляциянын өсүшүнө каршы жапырт толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Бийлик өлкөдө интернетти өчүргөнгө чейин толкундоолор 120га чукул шаарга жайылган. Тегеран нааразылык акцияларын курал, күч колдонуп баскан.
Бийликтин маалыматы боюнча ошондо 3 миңден көп киши каза тапкан. Укук коргоочу уюмдар курмандыктардын саны мындан эселеп көп деп келишет.