Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Израил Ливандын түштүгүндө жердеги аскердик операциясын баштаганын билдирди

Израил-Ливан чек арасындагы ЦАХАЛдын аскерлери.
Израил-Ливан чек арасындагы ЦАХАЛдын аскерлери.

Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндө жер үстүндөгү чектелген аскердик операциялар башталганын билдирди. Аскерлердин айтымында, бул аракеттер чек арага жакын аймактардагы «Хезболла» кыймылынын согушкерлерине жана инфраструктурасына каршы багытталган.

ЦАХАЛ билдиргендей, бул операция Израилдин түндүгүндө жашаган тургундарды коргоо үчүн жүргүзүлүп жаткан кеңири коргонуу чараларынын бир бөлүгү. Аскерлер киргизилгенге чейин аймакка артиллериялык жана аба соккулары жасалган.

Израилдин армиясы буга чейин кирбеген айрым аймактарда операция жүргүзө баштады. Бирок аскерлер жаңы позицияларды кармап турабы же жокпу азырынча так айтылган жок.

Согуш аракеттери Израил менен «Хезболла» ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан кийин кайра күчөдү. Бул келишим 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулунан кийин токтогон.

Ливан бийлигинин маалыматына караганда, Израилдин соккуларынан жүздөгөн жай тургун каза болуп, дээрлик бир миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан тышкары, Израиль Ливандын түштүгүндөгү аймактарды кеңири басып алышы мүмкүн деген кооптонуулар да күчөп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG