Жогорку Кеңешке №29 шайлоо аймагынан шайланып келген Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды. Анын арызы 16-мартта саат 18:00дө каралып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) канааттандырды.
Жунушалиева депутаттык мандатын эмне себептен тапшырганы белгисиз.
Ал Жогорку Кеңеш ишке киришкенде Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланган. Бирок төрайымдыкты 12-февралда өткөрүп берип, анын ордуна Гүлкан Молдобаева шайланган.
Депутаттын өзү жана жардамчылары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна парламентке аталган шайлоо аймагынан аялдар квотасы менен Алтынкүл Мырзакаимова келиши мүмкүн.
57 жаштагы Гүлсүнкан Жунушалиева И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору болуп иштеген.
2025-жылы февралда Жогорку Кеңештин мурунку VII чакырылышына Гүлшаркан Култаеванын ордуна депутат болуп келген.
Ушуну менен Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын сегизинчи депутаты мандатын тапшырды - Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган. (ZKo)
Шерине