"Мурдагы мэр мыйзамга баш ийген эмес". Орунтаев Ошто ишкерлер менен жолугушууда

Коллаж сүрөт.

Ошто ишкерлердин курулушка салган каражаты төлөнө турганы белгилүү болду. Учурда салынып жаткан объектилер мындан ары Курулуш министрлигинин балансында болот. Буга чейинки “мыйзамдан тыш жүргүзүлгөн курулуштарга мурунку мэр Токторбаев күнөөлүү” деди Орунтаев.

Ош шаарынын мэри алмашканы бул калаада курулуш жүргүзгөн ишкерлердин маселеси кайрадан көтөрүлдү. 17-мартта Ошто курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мэриядан каражатын ала албай жатканын айткан ишкерлер менен жолугуп, өкмөт буга чейин курулушка кеткен чыгымдарды төлөп берерин убада кылды. Ал мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев калаадагы 30дан ашык долбоорду ишке ашырууда мыйзамды сактабаганын айтты.

Буга чейинки “мыйзамдан тыш жүргүзүлгөн курулуштарга мурунку мэр Токторбаев күнөөлүү” деди Орунтаев.

Ош. Нурдан Орунтаев менен жолугушууга келген ишкерлер.

Министр ишкерлер менен жолугушуу учурунда мэрия тиешелүү буйруктарды аткарбаганын, иштин баарын параллелдүү долбоорлоо менен кура бергенин ачыктады. Эми ишкерлерге төлөнүп берилүүчү каражаттар республикалык казынадан жана президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнөрү белгилүү болду.

Нурдан Орунтаев Оштогу ишкерлер менен жолугушууда

“Биз бул иштерди эки этап менен карайбыз. Учурда курулушу жүрүп жаткан, аяктай элек иштердин баары Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Министрлик бардык иштерди аягына чыгарып, тиешелүү документтер чогултулуп, каражаттарды туура сарптоо боюнча иштерди алып барабыз. Экинчи бөлүгү — курулуш иштери аяктагандар боюнча биз атайын комиссия түзөбүз", - деди Нурдан Орунтаев.

Министр менен жолугушуу учурунда бир катар ишкерлер буга чейинки калаа бийлиги эч кандай документсиз долбоорлорду куруп баштаганын айтып, анын айынан каражатын ала албай жатканына даттанышты

Ишкер Мирлан Аматбеков курулуш учурунда белгиленген долбоордон сырт кошумча жасалган жумуштардын каражатын төлөп берүү талабын айтты.

Мирлан Аматбеков

“Биз буга чейин да суранып айткан элек. Долбоорлоо сметасында баа башка чыккан. Бирок иш жүзүндө биз андан да ашыкча жумуш кылып бергенбиз. Ал иштерибиз кабыл алууга кирген эмес. Эртең текшерүү келгенде бюрократия болуп, ишкерлер кыйналып калбайбы?”

Өлкөнүн экинчи калаасындагы курулуш тармагындагы көйгөйлөр мурунку мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин айтыла баштады. Ишкерлердин нааразылыгынан кийин социалдык тармактарда Курулуш министрлигинин дарегине да сын-пикирлер күчөгөн.

Ишкерлер менен жолугушуу учурунда журналисттер министр Орунтаевге курулуштарды учурунда көзөмөл кылбаганы үчүн өзүнүн жоопкерчилиги да кандай болорун сурашкан. Бирок ал узатылган суроого жооп берген жок.

Ал жалпы министрликте айрым кызматкерлерге карата чара колдонулганын айтып, мурунку мэр Жеңишбек Токторбаев мыйзамга баш ийген эмес деп айыптады.

Жолугушуунун катышуучулары

“Биз ачыгын айтышыбыз керек, буга чейинки мэриянын суранычы боюнча параллелдүү долбоорлоо боюнча буйруктарды бергенбиз. Бирок андагы бир да пункт аткарылган эмес. Бул деген мэриянын башчысы, мындайча айтканда, мыйзамдарга баш ийбестиги болгон. Ал эми биздин курулушту көзөмөлдөө департаментибизде кызматкерибиз жумуштан алынды. Биздин жоопкерчилигибиз бар”, - деди министр.

Ишкерлердин дагы бири Ош мэриясынын башкы имаратынын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суроо узатты.

Буга чейин Ош мэриясынын имаратынын сырты жасалгаланып жатканы белгилүү болгон. Токторбаев имаратты оңдоп-түзөөгө 600 млн сомдон ашык каражат жумшаларын “Азаттыкка” билдирген.

Мындан сырткары бүгүнкү жолугушууда мурунку мэр Токторбаевден басым-кысым көргөнүн айткан ишкерлердин маселесин да комиссия карап чыгып, укук коргоо органдарына билдире турганы айтылды.

Дагы бир ишкер Сыргак Талантбек уулу толук бүткөрүлгөн жумуштары үчүн которулган каражатты банктан чечип алууда көйгөйлөр жараларын эскертти:

Сыргак Талантбек уулу

“БСК (келишимдин банктык коштоосу) боюнча бизде да маселе болуп жатат. Буга чейин объектти тапшырып бүтүргөнбүз. Ал үчүн чоң ишканалардан, банктардан кредит алып бүтүрдүк. Бизге БСК менен акча которулса, анда аны багытсыз ала албайсың. Бул маселени кантип чечебиз, аларга каражатты кантип которуп беребиз? Азыркы шартка байланыштуу БСКдан чыгаруу же башка жолдору барбы?”.

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Орунтаев ишкерлер менен 14-мартта дагы жолугушкан. Анда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып келишкенин, цемент, кыш жана башка материал чыгаруучу заводдордо миллиондогон сом карызы бар экенин айтышкан.

Буга чейин Ош мэриясынын курулуш компанияларына карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалымат чыгып, аны мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев четке каккан. 9-мартта “Азаттыкка” курган маегинде ал Оштун карызы баш-аягы 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген.

Өзүнүн дарегине айтылып жаткан соңку айыптоолор жана сынга байланыштуу ал азырынча комментарий же маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.

Ошентип, өкмөт Ош шаарындагы ишкерлердин маселесин чечүүнү убада кылууда.

Бирок мыйзамдан тыш чыгып кеткендин кесепети ишкерлерди да, мамлекетти да түйшүккө салды. Орунтаев бул маселелердин жаралып калганына мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевди айтыптоодо.

Бирок коомчулукта дал ушул долбоорлор ишке ашып, мыйзамдар бузулуп жаткан учурда борбордук бийлик, көзөмөлдөөчү органдар эмнеге көңүл бурган эмес деген суроо талкууланууда.