Ош улуттук драма театры Бишкекке чыгармачыл сапар менен келет

"Бир келип кетчи Ош жакка" спектали. Ош улуттук драма театры. Февраль, 2026-жыл

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 30-марттан тартып 2-апрелге чейин Бишкекте гастролдук жумалык өткөрөт. Жумалыктын алкагында жаңы беш спектаклдин премьерасын тартуулайт.

Театрдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, "Бир келип кетчи Ош жакка", "Соно", "Таштабачы, апаке!", "Курманжан", "Кош дегим келбейт" деп аталган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланат.

Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жана Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында болот.

Маалыматка ылайык, спектаклдерди Москвадагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык институтту бүтүрүп келген 21 жаш талант менен тажрыйбалуу артисттер биргелешип тартуулашат.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы уюшулган. 1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Орунтаев Оштогу курулуш объектилеринин документи жок экенин Токторбаев кеткенден кийин билгенин айтты"Шаардыктардын ыңгайы үчүн". Бишкектеги чуулгандуу имарат буздурулатОрунтаев Ошто салынып жаткан объектилердин бардыгы Курулуш министрлигине өтөрүн билдирдиШыкмаматов Ташиевге байланыштуу айтылган "жемкорлук схемасы" буга чейин текшерилбеген себебин айтты"Медиа аракет платформасы" Кыргызстан бийлигин ЖМК жана коомчулук менен диалогду жандантууга үндөдү"Өкмөт, интеллигенция чындыктын тилине өтмөйүн эчтеме өзгөрбөйт"