"Ата-бабалар сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген"
“Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп, бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө түбүнөн каршымын”.
Адатта кыргызда аттуу-баштуу кишилерди көзү өткөндө же мааракелик даталарында эстеп, даңктап калчу адатын жакшы билген үчүн Салижан Жигитов минтип куйкум сөзү менен чучукка жеткире жазган экен кайран киши. Атактуу адабиятчынын көзү тирүү болгондо өзү дагы мааракелик жашын - 90 жылдыгын белгилемек эле. Балким, белгилейли дегендерге чыкталган азил-тамашасынан айтып турмак.
Соңку 20 жылдагы тарыхыбызда кандай гана окуялар болгон жок. “Аттиң, Салижан Жигитов болсо бул окуяга эмне демек? А бул окуяны кандай чемелемек? “ деген арман кептерди замандаштардын оозунан көп угуп калабыз. Шакирти, публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев айткандай, “азыркы күндө болгондо көп нерсени айтмак”. Ал айткандары канчалык жукмагы же таасир этмеги өзүнчө кеп го.
“Сөзсүз жазып, айтып турмак. Азыр интеллигенция итке минип, колунан эч нерсе келбей калды. Эч ким укпай калды. Анан эптеп эле өз арбайын согуп, күн көрсөм деп жүрөт. Ал кезде эл, бийлик айтпаганды айтып туруу интеллигенциянын милдети деп айтчу. Унчукпай калуу ал кишиге мүнөздүү эмес болчу. Эч кимдин жеке керт башына шек келтирбей туруп камырдан кыл сууругандай кылып айтып койчу”, - дейт Эсенбай агай.
“Азаттык” Салижан Жигитовдун эл оозунда калган азилдерин, сын кептерин, муундан-муунга сабак болор учкул сөздөрүн, ошондой эле ал тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрүн сунуштайт.
"Ар бир кишинин өмүрү трагедиялуу..."
2025-жылы май айында Салижан Жигитовдун эки китеби жарык көргөнүн окурман журтуна адабиятчынын шакирти, акын, жазуучу Нуралы Капаров сүйүнчүлөдү. Жаңы чыккан китептердин биринчиси "Адабий сын макалалар" деп аталып, экинчиси "От дегенден ооз күйбөйт" деген аталышта чыккан. Экинчи китепте Салижан Жигитовдун ар кайсы мезгилдерде курган маектери берилген.
2024-жылы Жигитовдун прозалык чыгармалары "Күн тууду" жана ырлары "Шуулдаба терегим, теректерим..." деген аталыш менен жарык көргөн эле.
Муну эстеп олтурганыбыз, Салижан Жигитов өмүрүнүн соңунда "Азаттыкка" курган маектеринде мээнеттенип, жазып чогултуп жүргөндөрү талаада калбаса деп, кыйла түйшөлгөн экен.
"Ар бир кишинин өмүрү трагедиялуу болот. Анан кийин кыла турган ишке үлгүрбөгөнүң чоң арман экен. Менин бир туугандарым өтүп кетти. Бул арман да. Кээ бирлери менден жаш эле. Жакын кишилер, айылдагы мен жакшы көргөн кишилер, теңтуштарымдын көбү өттү. Эң чоң арманым - өзүмдүн потенциалымды толук турмушка ашыра албай калып, ошо боюнча өлүп каламбы деген коркунуч бар да. Менин эки романым чыкпадыбы, “Кызыл күүгүм” деген, ошонун аягына чыксам. Анан “Ит наама” деген китепти (мурун жазылган) аягына чыгарып койсом болот эле... Азыр эми, ырларымды дагы бир демөөрчү тапсам чыгарайын деп атам. Бир-эки миң экземпляр кылып”, -деп айтыптыр 2005-жылы июль айында ооруп жаткан учурунда курган маегинде.
Ырасында эле Жигитовдун көзү өткөндөн кыйла жылдан кийин гана анын мурастарын элге-журтка жеткирүү аракеттери болууда. Эки жыл мурун шакирти Эсенбай Нурушев анын мурасы дале толугу менен элге жетпей жатканына өкүнгөнү бар.
“Ооруп калганда “көзүм өтүп кетсе деп камдап койдум” деди. Чын эле тогуз томдукту тандап койгон экен. Демөөрчү таап, редактор таап койгонбуз. Салима кызы макул болбой койду. Көрүнгөндүн колуна өттү. Автордук укук боюнча маселе болуп калды. Биз калганын бүт өзүңөргө алгыла деп да айттык. Азыркыга чейин башын ача албай жатабыз. Пендечилик болуп калды. Азыр да башын ача албай жатабыз”.
Салижан Жигитов 1936-жылы Өзгөндүн Көлдүк айылында туулган. Тестиер курагында энесинен, өспүрүм жашында атасынан ажырап томолой жетим өсүптүр. Элге кеңири тараган “Элегия” ырында мына ушул трагедиясын жазган:
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө,
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат,
Терезеден калдайган тоо түбүндө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
(“Элегия”. 1968-1978-ж.ж.)
2024-жылы Салижан Жигитов тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосунов тарткан даректүү тасмада акын Алтынбек Исмаилов аны таенеси окутканын эскерген:
“Агайды менин таенем окуткан. Мен андан биринчи класска келгенде кандай экенин көп сурагам. Таенемдин айтымында, күнүгө жомок айтып берүүсүн суранчу экен. Кийин окуганды үйрөнүп, алгач мектептин, анан айылдын, соңунда райондун мектебин толук окуп бүтүптүр. Акырында районго мектептеги билимге ыраазы болбой калганын айтып Фрунзедеги №5 мектепке которуусун суранат”.
Акын, жазуучу Нуралы Капаров - Салижан Жигитовду эң жакшы билген шакирттеринин бири.
“Өзү айыл турмушунан алыстап калганын айтып, айылдагы кыргыздын кемчилигин, өксүгүн укканга куштар болчу да. Аны менден укчу. Элдин турмушу, мамлекеттин саясаты, адабиятты сүйлөшүп, аябай жакшы болуп кеттик”.
Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендигин жарыялаган мезгилдерде эмне кылышты, кимди угушту билбей турган маалда Салижан Жигитов публицист катары тынбай макалаларды жазып, элге таанылганын Нуралы Капаров мындайча эскерет:
“Ошол экономикада, саясатта каякка кетип атабыз, эмнеден адашып атабыз? Ушунун баарын тынбай айтып, макала жазып, басма сөздө, теледе какшап турган Салижан Жигитов болду да”.
Жигитов күйгөнүнөн улам чучукка жеткен ачуу, чынчыл сөздөрдү айтып, улут катары кемчиликтерин моюнга алып, аны жоюу үчүн аракет кылсак, мамлекет катары бутубузга турсак десе керек. Анысы ар бир маегинде, ар бир макаласында байкалып турат.
“Биздин чоңдор, интеллигенция калп, жалган тойдуруп келатат. Азыр айрыкча чоңдор жалаң эле 2200 жыл традициябыз бар, кыйын элбиз деп эле атышат. Биздин өкмөт, интеллигенция чындыктын тилине өтмөйүнчө эч нерсе болбойбуз. “Элге эмне деп айтыш керек? Ой, кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион калксың. Европанын бир эле шаарында үч миллион эл жашайт. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң бага албаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз, эки кол, эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүктөр турат. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан кор болуп жашайбыз”, - дептир маектеринин биринде.
Элчи, сынчы, кеңешчи Жигитов
Салижан Жигитов 1992-жылы туңгуч президент Аскар Акаевге кеңешчи болуп дайындалып, бул кызматта бир жылдай иштеген.
“Кеңешчи болуп иштеди. Ал өзү Акаевге көп ойлорун жазды. Ататүрктөй президент болор бекен деп көп нерсени үмүт кылды. Акаев башында жакшы эле болчу. Анан андай идеялар, акылман, туура жүргөн кишилер көп жакпай калды. Алардын арасына Салижан Жигитов да кирип калды. Ал өзү “Алтын кошуп берсе да өтпөй калган сунуштарды айта берем. Албаса да айта беришим керек экен” деп күлүп калчу эле”, - дейт Нуралы Капаров.
1993-1995-жылы Салижан Жигитов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын аркалаган. Бул эгемендигин катарлаш жарыялаган коңшу өлкөлөр бири-бирине элчиликтерди жаңыдан ачып баштаган учур болгонун Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, экс-элчи Бактыгүл Каламбекова мындайча эскерет:
“Макалаларды жазып келет. Аны мен терип берем. Ошол маалыматтар кыргыз тарап үчүн аябай баалуу эле. Жалпы ал жердеги ички жашоо, маданияты, мамлекеттүүлүктү кандай алып барып атат? Эл аралык мамилелерди кандай жүргүзүп атышат? Эми тынымсыз жазды да бул киши. Муну Роза Отунбаева дагы аябай баалаган”.
Каламбекова ошол маалда Тышкы иштер министрлигинде бөлүм башчы болуп, Борбор Азиядагы элчилер, анын ичинен Салижан Жигитов менен тыгыз иштешкенин кеп кылды:
“Биз Роза Исаковна менен чогуу бардык. Ташкентте жаңы эле элчиликтер ачыла баштаган. Эки күнгө бардык, президенти кабыл алды. Ошондо Салижан Жигитовдун жаңы түзүлүп жаткан дипломатиялык корпуска жана Ташкенттин саясий чөйрөсүнө, өкмөткө таанылып калганын байкадык. Бул киши дагы төрт-беш киши иштегенде 25-26 жылга созулган маселелерибиз ошол маалда чечилип калышы мүмкүн эле”.
Салижан Жигитов элчиликтен кийин “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп, андан соң Кыргыз улуттук университетинде, өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде мугалим болду. Ошол эле маалда коомдук саясий иштерден алыстабай, дайыма сындачу жерде курч кеп-сөзүн, кеңеш берчү жерде акыл-насаатын айтып турган. Бирок анын айткандары дайыма эле кабыл алынган эмес.
“Качан болсо кыргызды жамандай берет. Ачыгын айтканда кээ бир кишилер кайрылуу жасап, "мындай сөзүңдү Ошуңа барып айт" дегенге чейин барышкан. "Өзү кыргыз болбосо керек, Көлдүккө көчүп барган экен" деп. Чын-чынына келгенде Салижан аганын ушул адаты патриотизмдин эң жогору формасы болгон”, - дейт публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев.
"Кыргыздын өлмөгү да азап..." Жигитовдун учкул сөздөрү
“Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык. Өкмөт да ойлоду: "Ушу чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт". Ал эми коюп алган акимдеринин кыргызга күйөр түрү жок. Алардын көбү бийликтин үзөңгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, эл эсебинен той уюштуруп, эл эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин-бири кожодой колдоп, өздөрүнчө катмар болуп алгандар”.
***
"Салтыбыз десе бүт эле жаңы заманга туура келбеген көчмөндөрдүн салты болуп атпайбы. Уйгур өлсө көөмп коет. Кыргыз өлсө эки үй тигип, эки жылкы соет. Мисалы, азыр тойлор партиялык чогулуштун эле варианты болуп атпайбы. Жаңы нерсе чыгарганга кыргыздын фантазиясы жетпей атпайбы".
***
“Эгер билим алуу чын эле "ийне менен кудук казгандай" татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак”.
***
"Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем да какшай берем”.
***
“Кыргыз микроб сыяктуу, кирген жерин чиритет”.
***
“Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт”.
Салижан Жигитовдун азилдеринен
Демократия качан келди?
“Эми демократия деген өзү Батыш элдери чыгарган, Батыш коому жараткан бир саясий көрүнүш. А биякта каяктан демократия? Тоталитардык режимде жүрдүк.
Андан мурун падышалык өкмөттө дагы тоталитардык режимде болчубуз.
Кокон кандыгында эмне, демократия бар беле?
Же кыргыздын өзүндө демократия бар беле? Бул кызылдай эле калп да.
Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия?”
Паракорлуктун тамыры
“Паракорлук кыргыздын канында бар да. Илгери Кушнер Кнышев деген 1927-жылы Кыргызстанга келип социологиялык изилдөө жүргүзгөн.
Токтогул районуна (Кетмен-Төбөгө) барып, тергөөчүдөн сураптыр: “Кандай кирешең бар?” - деп. Ал: “айлык алам, анан кийин пара алам”, - дептир.
"Сен советтик кызматкерсиң да", - десе:
“Элдин баары эле пара алат”, - деп тиги жооп узатыптыр.
Паракорлук совет доорунда деле болуп келген, азыр эми шумдук күчөдү да кийинки жылдары”. (“Азаттыктын архивинен”).
“Бизде бир кыргыз өлгөн күнү иштин баарын таштайбыз. Биринчиден: сөөк чыкчу жерде 1-2 саат шоңшоюп күтүп отурабызбы, экинчиден, топурак салып келгенге, анан тамак жеп отурганга жарым күн убактыбыз кетет”.
Тилчи, котормочу, түрколог илимпоз Таалайбек Абдиев убагында Салижан Жигитовдун юморлуу кептерин чогултуп жүргөн. Буга чейин “Азаттык” айрымдарын автордун уруксаты менен жарыялаган эле.
***
Бир жолу ("Манас" университетинде) Мухиттин Гүмүштүн кабинетинде отурсак, Салижан абам келип калды. Бир аздан кийин башка түрк мугалимдер да келишти. Салижан абам аркы-беркини сүйлөп, адатынча баарыбызды күлдүрүп отурду.
Бир кезде түрк мугалимдер ага проректор катары арызданып калышты:
“Салижан бей, бул жердин полистери (милициялары – Т.А.) эмне деген адамдар? Жөө чыксак, өзүбүздүн документтерибизди текшерип, акча алышат. Машина менен чыксак, анын документтерин сурамыш болуп акча алышат”.
Салижан абам ойлонбой туруп:
“Эми ал кысталактарга Акаев 400 сом айлык берип, калганын Мухиттин бейден алып аласыңар десе, алып атышат да”, – дегенде баарыбыз кыйрап күлгөнбүз.
* * *
Азиз Салиев бир жолу: “Философия, эстетика боюнча көп эле эмгек кылдым, канча китеп жаздым, бу кыргыздар анын деле баркына жеткен жок, баркына жетмек турсун окуп да койбойт”, – деп наалыса, Салижан абам: “Эми Азиз Салиевич, биз өзүбүздөн кийинкилерге кык болуп берсек болду да”, – деп жубаткан экен.
* * *
“Революция каармандарына” аттуу эстелик ачылган күнү Салижан абам эл көп болот го деген ой менен барбай коёт да, кийинки күнү барат. Ал жерде, абамын сөзү менен айтканда, ага окшогон кыйтырлар көп экен дейт. Баары эстеликти карап туруп калышат. Бир маалда ары жактан Насирдин Байтемиров келатат дейт.
Салижан абам ага тийишип: “Наке, бу катындын эстелиги жакшы чыккан ээ?”, – десе, Насирдин буйдалбай туруп: “Бул катын эмес, революция, революциянын жынысы болбойт”, – деп жооп бериптир.
* * *
Салижан абам Түгөлбай Сыдыкбеков менен келатып, тийишип калат:
– Түкө, бир кезде сиз дагы абыдан көптүңүз, ээ?
– Эмне кылып көптүм?
– Чачты далыга чейин өстүрүп жүрбөдүңүзбү?
– Эми чач деген кудай берсе өсө берет турбайбы, – дептир тиги киши Салижан абамын башын карап.
* * *
Бир жолу жолдон бирөө кезигип, Салижан абаман сурап калат:
– Ой, Саке, кайдан келатасыз?
– Ой, бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына экинчи келгис кылып көөмп келатам, – деп жооп бериптир.
* * *
Салижан абам бир жолу "Ала Тоо" журналынын редакциясына барып калат. Ал жерде Сулайман Маймулов деген жазуучу иштечү экен. Ал жердегилерден абам: "Бу кудай урган чычкандын баласын эмне дейт, ким билет?" – деп сурайт. Эч ким билбейт. «Эми кудай урбадыбы, баласы болгондон кийин аты да болуш керек да, туурабы? Мисалы, карышкырдын баласын бөлтүрүк дейт, түлкүнүкүн бачики дейт, аюнукун мамалак дейт, маймылдыкын Сулайман дейт”, – деп элди дуу кылыптыр.
Маркстын арбагы менен сүйлөшүп...
Бир ирет кыргыз сатириги жана сынчысы Салижан Жигитов белгилүү экономист академиктин мааракесине барып калат.
Тойдобу же жыйындабы, маңдайын караса, “аркы дүйнө” менен сүйлөштүм деген бир саясатчыга көзү урунат. Анан маараке ээсине карата куттук айтчу кезеги келгенде Салижан агай күлмүңдөп туруп айтыптыр:
- Мен түндө түшүмдө Карл Маркстын арбагы менен сүйлөштүм. Ал киши айтты, чунак десе... Та-ак... Ал минтип айтып атпайбы: “Бу силерде экономика илими абдан өсүптүр. Академиктериңер да бар экен. Мыкты изилдөөлөр жарыяланыптыр. Та-а-к... Анан эмнеге эле экономикаңар өтө төмөн түшүп кеткен?” деп атпайбы.
Эл кыраан-каткы күлдү. Маараке ээси да тамашанын багытын түшүнүп, каткырык салыптыр.
Шерине