Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас милицияга суракка чакырылганы кабарланды

Тай-Мурас Ташиев. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу 17-мартта өздүк булактар "Азаттыкка" билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Султан Макилов бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал бул тууралуу кабар кийинчерээк берилерин айтты.

32 жаштагы Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.

Өткөн айда социалдык тармактарда ошол кездеги вице-премьер Бакыт Төрөбаев менен Эркинбек Жолдошалиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү делген аудио жарыяланган. Ишкер Жолдошалиев Тай-Мурас Ташиевге мүлкүн тарттырып жибергенин айткан. Ал Тай-Мурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да бербей койгонун белгилеген.

Тай-Мурас Ташиев бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан. Заводдун жерин 470 миң АКШ долларына сатып алганын жана ошол жердеги темир жана түтүктөрдү алып чыгып кетишкенин айткан.

Бул боюнча Бакыт Төрөбаев да үн катып, Эркин Жолдошалиевдин жерин сатып алуу боюнча ага Камчыбек Ташиев өзү кайрылганын билдирген. Кийин соода ишине аралашпаганын тактаган.

Тай-Мурастын аты 16-мартта Салык кызматы жарыялаган “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема делген иликтөөдө дагы аталган.

Анда Салык кызматы мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген аракеттер аныкталганын маалымдаган. Анда өлкөдөгү мунай өндүрүү жана сатуудагы коррупциялык схемаларга Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болгону айтылган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынышын Германияда жүргөндө укканын жана бул кабар күтүүсүз болгонун айткан. Кийин Кыргызстанга келип, кайра чет жакка чыгып кеткен. Ал акыркы саясий окуялар боюнча пикирин билдире элек. Салык кызматы жарыялаган соңку маалымат тууралуу да эч кандай комментарий азырынча жок.

Тай-Мурас Ташиевдин жакындары же адвокаты ал милицияга чакырылганы тууралуу кабар боюнча маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Акыйкатчы институту №27 абакта бир катар мыйзам бузуу аныкталганын маалымдадыУКМК террордук топко мүчө кыргызстандык жаран Стамбулдан кармалганын кабарладыОш улуттук драма театры Бишкекке чыгармачыл сапар менен келетШыкмаматов Ташиевге байланыштуу айтылган "жемкорлук схемасы" буга чейин текшерилбеген себебин айтты