Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

УКМК террордук топко мүчө кыргызстандык жаран Стамбулдан кармалганын кабарлады

Террордук топтун мүчөсүн алып келген учур. Бишкек. Март, 2026-жыл. УКМКнын тасмасынан кыркылган сүрөт.
Террордук топтун мүчөсүн алып келген учур. Бишкек. Март, 2026-жыл. УКМКнын тасмасынан кыркылган сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү - кыргызстандык Т.М.Ш. аттуу жаран кармалганын 17-мартта билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы ал Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн учурунда калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенгенин маалымдады:

"Шектүү конституциялык түзүмдү кулатууга жана “Халифат” теократиялык мамлекетин түзүүгө чакырык таштап, ошондой эле Кыргызстанда теракттарды жасоо үчүн иш-пландарын түзгөн. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы согуштарга катышууга жарандарды азгырып турган".

Контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү 16-март күнү Түркиянын Стамбул шаарынан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК буга чейин радикалдык идеологиянын тарапкери Н.А. аттуу жаран 13-март күнү КМШ өлкөлөрүнүн биринен Кыргызстанга учуп келгенде кармалганын кабарлаган. Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, шектүү алыскы чет өлкөгө чыгып, "эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга аракет кылган" деп айыпталган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG