Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Талибдер Пакистандын Кабулга урган соккусунан 400 киши өлгөнүн билдирди

Кабулга урулган соккунун кесепети. Ооганстан, 17-март 2026-жыл
Кабулга урулган соккунун кесепети. Ооганстан, 17-март 2026-жыл

Пакистандын аба соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапты. Бул тууралуу Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирди. Ал эми расмий Исламабад муну четке кагууда.

Маңзатка берилген кишилердин реабилитациялык борбору болгон 2 миң бейтапка эсептелген Омид ооруканасы, маалыматка караганда, 16-марттын кечинде Пакистандын аба соккусуна кабылган.

Талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Хамдулла Фираттын айтымында, тирүү калгандарды издеп табуу, урандылардын астынан сөөк алып чыгуу иштери жүрүүдө.

“Пакистандын аскердик режими болжолу менен кечки саат тогузда Омид ооруканасына абадан сокку урду”, - деп жазды Фитрат Х социалдык тармагына. Ал кошумчалагандай, имараттын ири бөлүгү урап калды.

Пакистандын Маалымат министрилиги Кабул жана Нангархардагы аскердик жайды жана террорчуларга жардам берген инфраструктураны бутага алганын, карапайым кишилерге атайылап атпаганын билдирди.

Эки тараптын тең маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Бул окуя Ооганстан менен Пакистан ортосундагы мамиле чыңалып, бир нече жолу куралдуу жаңжал тутанган учурда болуп отурат.


Шерине

XS
SM
MD
LG