"Дубал менен шып үстүбүзгө кулады". Талибдер Кабулдагы сокку үчүн Пакистанды айыптоодо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстандагы ооруканага соккудан кийинки көрүнүш

Кабулда ооруканада кеминде 400 киши каза тапты. Бул тууралуу Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирип, Пакистанды айыптады. Ал эми расмий Исламабад муну четке кагууда. Маңзатка берилген кишилерди реабилитациялоочу, 2 миң бейтапка эсептелген Омид ооруканасы 16-мартта чабуулга кабылган.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси окуя "ыкчам, ар тараптан жана ачык териштирилүүгө, күнөөлүүлөр эл аралык стандарттарга ылайык жоопко тартылууга тийиш" деп билдирди.

Айланадагы кыйраган имараттар менен машиналардан түтүн чыгып, түнкү трагедиянын издери кадам сайын көрүнүп турат.

"Окуя болгондо Кабулдун тез жардам борборунан баңгилердин реабилитациялык комплексинде чоң жарылуу болгону тууралуу маалымат келип түштү. Биз дароо бардык кызматкерлерибиз менен кела калдык. Жарадар болгондордун бардыгы бизге жеткирилди", - деп билдирди Кабулдун Чукул кырдаалдар кызматынын өкүлү Саед Мехраб Шах.

Түн ичинде куткаруучулар менен оорукананын кызматкерлери урандыларды тазалап, жарадар болгондор жардам берүүгө, маркумдардын сөөгүн алып чыгууга аракеттенип жатышты.

Оорукананын күзөтчүсү учак менен чабуул коюлганын, урандылардын астынан 200 кишинин сөөгү алынып чыкканын Рейтер агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Дүрмөт тийген реабилитациялык борбор. Кабул, 16-март 2026-жыл

Маңзатка берилген кишилердин Омид реабилитациялык борбору, маалыматка караганда, 16-марттын кечинде Пакистандын аба соккусуна кабылган. Талибдер бийлиги натыйжада кеминде 400 киши каза болгонун, дагы 250 чактысы жараат алганын билдирди.

Жабыркагандардын бири Икбал аттуу жаш киши аны реабилитацияга үй-бүлөсү жаткырганын айтып, түнкү окуяны сүрөттөп берди:

"Кечки намаздан кийин, саат тогуздарда уктайын деп аткам. Адегенде өкмөттүк аскерлер менен можахеддер ок атып жатканын уктум. Ошол маалда бомба келип түштү. Жакын эле, балким 10 метрге жетпеген жерге кулады. Дубал менен шып үстүбүзгө урап түшкөндө мен ойгоо болчумун. Кудай сактап таш, кирпичтин астынан өз алдынча чыга алдым".

Талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Хамдулла Фитрат Х социалдык тармагындагы постунда:

“Пакистандын аскердик режими болжолу менен кечки саат тогузда 2 миң бейтапка эсептелген Омид реабилитациялык ооруканасына абадан сокку урду... Имараттын ири бөлүгү урап калды. Курмандыктардын саны көп болушу мүмкүн деген олуттуу камтама бар”, - деп жазды.

Пакистан Ооганстандын дооматын чекте кагууда. Өлкөнүн Маалымат министрилиги Кабул жана Нангархардагы аскердик жай жана террорчуларга жардам берген инфраструктура бутага алынганын, карапайым кишилерге атайылап сокку урулбаганын билдирди:

"Бардык соккулар таамай урулган. Ошол инфраструктуралык жайларды Ооганстандагы талибдер режими "Фитна ал-Хавариж" жана "Фитна ал-Хиндустан" сыяктуу террорчул топторду колдоо үчүн колдонот. Муну видео материалдардан да баамдаса болот. Талибдер режиминин пропагандасы региондогу терроризмди колдогонун жана демөөрчү болгонун жашырып, оогандарды жана дүйнөнү алдай албайт".

Эки тараптын тең маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн боло элек.

Дагы караңыз Ооганстан: "Ислам мамлекети" кытай жарандарын эмне үчүн бутага алууда?

Бул окуя Ооганстан менен Пакистан ортосундагы мамиле чыңалып, бир нече жолу куралдуу жаңжал тутанган учурда болуп отурат.

Исламабад “Талибан” башкарган ооган бийлигин “Техрик-и-Талибан Пакистан" экстремисттик тобуна башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн мындай дооматын четке кагууда.

Былтыр октябрда чек арадагы атышуулар жана чабуулдар согуш күчөп кетиши мүмкүн деген кооптонууга жем таштаган. Кийин Катардын ортомчулугу менен ок атууну токтотуу макулдашылганы менен февралдын аягында Исламабад Ооганстандагы талибдер бийлиги менен "ачык согушка" өткөнүн жарыялаган.

Анын алдында, 26-февралда "Талибан" өкмөтү Пакистандын чабуулуна жооп кайтарып, чек аранын айрым райондорунда операция баштаганын маалымдаган.

БУУнун Ооганстан боюнча миссиясы ошондон бери уланып келаткан кагылышуулардан Ооганстанда бери дегенде 75 киши набыт болгонун жана 193ү жабыркаганын билдирди.

Арачылык миссиясын өзүнө алган Кытайдын тышкы иштер министри өткөн аптада пакистандык жана оогандык башкы дипломаттар менен телефондон сүйлөшкөн.

Кабул ооруканасындагы трагедиядан кийин Кытай тараптарды карманууга чакырып, ортодогу талаштарды диалог аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи.