Кабул: Чабуулда жүздөгөн киши өлгөнү кабарланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-марттын кечинде Пакистандын аба соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапканын Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирди. Ал эми расмий Исламабад дооматты четке кагып, террорчу топторго жардам берген инфраструктура бутага алынганын айтууда. Эки коңшу өлкөнүн аскерлери акыркы бир нече айдан бери чек арада атышып, Пакистан атүгүл талибдерге каршы ачык согушка өткөнүн жарыялаган. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси окуя тез, ар тараптан жана ачык териштирилүүгө, күнөөлүүлөр эл аралык стандарттарга ылайык жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.