Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасына билдирүү жарыялап, салык кызматы тараткан маалыматка түшүндүрмө берди.
"Ачык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, “Кыргыз Петролеум Компани” (“Кыргызнефтегаз”) 2021-жылдан 2025-жылдар аралыгында жалпы 357.9 миң тонна дизел майын өндүрүптүр. Менин “Мока Групп” компаниям 2021-жылдан 2025-жылдар аралыгында бул ишканадан жалпы 5463 тоннага жакын гана дизел майын сатып алган. Бул “Кыргыз Петролеум Компани” өндүргөн дизел майынын 1,53 % түзөт. Бул сатып алууларда тийиштүү салык мамлекетке төлөнгөн", - деп жазды Ташиев.
Тай-Мурас ал ээлик кылган компания “Кыргызнефтегазды” "монополия кылып алган" деген маалыматты четке кагып, башка фирмалар дагы өздөрүнө керектүү көлөмдө дизел майын сатып алып турушканын да кошумчалады.
16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган.
Анда аталган мекеме мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген аракеттер аныкталганын, ал схемаларга Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бардыгын маалымдаган.
Мисалы, ортомчу компаниялардын бирине саясатчынын иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев кожоюндук кылары айтылат. Ал эми даяр мунай заттар сатып алган фирмалардын бири уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык экени такталган.
Баяндамада айтылгандай, бул схемалардын айынан беш жыл ичинде мамлекет 3 млрд 148 млн 908 миң сом кирешеден куржалак калган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.