Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бир катар министрликтердеги жетекчи алмашуулар тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана башкалардын кызмат алмашуусу тууралуу соцтармактарда жазылып жаткан сөздөрдү жокко чыгарды:
"Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз", - деп жазды ал.
Орунбеков жазган маалыматты 17-мартта айрым агенттиктер да "Ынтымак Ордодогу" булактарына шилтеме кылып кабарлашкан. ЖМКда ошондой эле Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев менен финансы министри Алмаз Бакетаев да кызматынан кетери күтүлүп жатканы жазылды. Алардын айрымдары Бакетаев Улуттук банк төрагалыгына келерин божомолдошту.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси бирок бул маалыматтарга комментарий берген эмес. Расмий булактарда да маалымат жок.
"Улуттук банк тууралуу" мыйзамдын 61-беренесине ылайык, башкы банктын төрагасы кызматынан кетүү мөөнөтүнө бир ай калганда Жогорку Кеңештин чечими менен бошотулат. Жаңы төраганы дайындоону да парламент президенттин сунушу менен жүргүзөт. Улуттук банктын төрагасы мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда президент анын ордуна өз талапкерин сунуштайт. Парламент аны дайындаганча мурдагы төраганын орун басарларынын бири милдетин аткарып турат.(ZKo)