Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Трамп НАТОдогу өнөктөштөр Ирандагы операцияга катышуудан баш тартканын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрү Вашингтондун Ирандагы операциясына аралашкыcы келбейт деп жооп беришти.

17-мартта социалдык тармактардагы постунда ал АКШ Иранда аскердик ийгликке жетишкенин, “НАТО өлкөлөрүнүн жардамына муктаждык да, каалоо да калбаганын” жазды.

Америкалык лидер буга чейин альянсты жана башка мамлекеттерди мунай танкерлерин Ормуз кысыгынан коштоо миссиясына катышууга чакырган. Кара май менен газды ташуудагы маанилүү каналды Иран бийлиги согуш башталгандан бери бөгөттөп, кемелерди бутага алып келатат.

Айрым өлкөлөр АКШнын демилгесине кошулууну караштырып жатканын айтса, көбү четке каккан.

15-мартта Трамп өнөктөштөр кысыкты ачтыруу үчүн көбүрөк аракет көрбөсө, анын арты НАТОнун келечеги үчүн өтө өкүнүчтүү болот деп билдирди.

Financial Times гезити менен интервьюда ал АКШ альянска “миңдеген чакырым алыс жердеги Украина маселесинде жардам бергенин, эми алардан колдоо күтөөрүн” белгиледи.

Ормуз кысыгы дээрлик толугу менен жабылгандан кийин танкерлер каналдан өтө албай, Перс булуңундагы өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтып, баалар кескин көтөрүлүп кетти. Анын кесепети глобалдык экономикага залакасын тийгизип келатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG