Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция мекемесине директор болуп дайындалды

Айгүл Рыскулова.

Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиянын расмий сайтында кабарланды.

61 жаштагы Айгүл Рыскулова буга чейин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү болуп 2020-жылдан 2024-жылга чейин иштеген.

2006-2007-жылдары Кыргызстандын Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетин жетектеген, 2011-2012-жылдары калкты социалдык жактан коргоо министри болгон .

Ал Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын аркалап, иштен 2018-жылы кеткен. (КЕ)

Дагы караңыз

Израил Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Ларижани каза болгонун кабарлады"Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуТрамп НАТОдогу өнөктөштөр Ирандагы операцияга катышуудан баш тартканын билдирди Иран "Басиж" түзүмүнүн командачысы Голамреза Сулеймани каза болгонун ырастады