"Азаттыктын" журналисттери Түркиядан тарткан келиндин паспорт маселеси парламентте көтөрүлдү

Коллаж. (Видеодон алынды)

18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Түркияда узак убакыттан бери оор шартта жашап жүргөн, эч кандай документи жок кыргызстандык келиндин маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү “Азаттыктын” журналисттери барып, тартып келген аялга паспорт берүү маселесин өкмөткө жеткирүүнү жана тиешелүү органдарга тапшырма берүүнү сунуштады.

“Ал кыз видеодо паспорт бергиле деп ыйлап кайрылып жатат. Биздин мыйзам боюнча паспорт алыш үчүн жаран Бишкекке келиши керек экен. Колунда документи жок жаран кантип Кыргызстанга келе алат? Тышкы иштер министрлиги мыйзамды сакташы керек. Бирок өзгөчө кырдаал болгондуктан, өкмөт башчыга кайрылат элем, ушул кыздын маселесин чечип берсеңиздер”, - деди депутат.

Түркияга секелек кезинде алданып барып, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен, документи жок жашап жүргөн С. Макамбетованын тагдыры тууралуу видео баянды "Азаттыктын" журналисттери Түркиянын Агры шаарынан тартып келип, 17-мартта жарыялаган.

"Азаттыктын" материалы эфирге чыккандан кийин ТИМ Макамбетованын жарандык паспортун алуу боюнча кайрылуусун Кыргызстандын Анталия шаарындагы Башкы консулдугу карап жатканын билдирген.

14 жылдан бери Түркиядан кыргыз паспорту жок чыга албай жашап жүргөн 28 жаштагы келин тууралуу "Азаттыктын" даректүү тасмасында ал 14 жашында бул өлкөгө алданып келип, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткенин, кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаганын айтып берген. Азыр ал келин Түркиянын чыгышында, Иран менен чектеш тилкедеги Агры шаарында жашайт. Видеодо ал бир нече ирет Түркиядагы Кыргызстандын консулдугуна жардам сурап кайрылып, бирок документ ала албай жатканын айткан. (AiA)

Дагы караңыз

Орунбеков Ташиев Аи-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды мажбурлап сатып турганын жазды "Журналисттер төрт жыл мурда эле айткан". Салык кызматы Ташиевдерди айыптады, ИИМ иш козгодуИран Түркмөнстанды аскердик бутага аларын эскертти