Ирандын бийлиги айрым мекемелер жана өлкөлөргө эскертүү берип, эгерде алар көз карандысыз Iran International телеканалы менен кызматташууну уланта берсе, анда Тегеран ага байланыштуу объектилер жана инфраструктураны бутага аларын билдирди.
Бул тууралуу turkmen.news басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам ал-Анбия» борбордук аскер командачылыгынын аты аталбаган өкүлүнүн сөздөрүн келтирген.
«Iran International Иран элине каршы психологиялык согуш жүргүзүү максатында чыңалууну жаратып, жалган маалыматтарды жана ушактарды таратууда. Эгерде бул жийиркеничтүү медиага колдоо уланса, аны менен кызматташкан тараптар Иран Ислам Республикасынын бутага алынчулар тизмесине киргизилет», - деп айткан ал.
Iran International телеканалынын баш кеңсеси Британияда жайгашкан. Ал TürkmenÄlem 52E/MonacoSat спутнигин колдонот. Бул спутникти андан тышкары Би-би-синин перс кызматы, «Фарда радиосу» (Азаттык радиосунун Иран кызматы) жана ондогон башка теле жана радиоканалдар пайдаланышат.
Израил менен АКШ 28-февралда Иранга абадан чабуул кое баштаган. Тегеран буга жооп катары Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык аскердик базаларды жана башка объектилерди бутага алган.
Шерине