"Талаада калтыруу туура эмес". Сүрөтчүлөр үйү сүрдүрөлүбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин чок ортосундагы "Сүрөтчүлөр үйү" өлкөнүн маданий символдорунун бири. Өткөн кылымда курулган бул имараттын тагдыры учурда арсар. Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегиндеги жер участогун мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуш кылды. Имаратты ээлеп турган чыгармачыл жамаат шаар бийлигинин бул чечимине нааразы. Алар жерин тарттыргандан кийин "Сүрөтчүлөр үйү" бузулушу мүмкүн деп чочулашат. "Сүрөтчүлөр үйү" 2002-жылы Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.