Орусия: Telegram бөгөттөлдү. Max канчалык коопсуз?

Иллюстрация сүрөт

Орусияда акыркы күндөрдө интернет байланыш катуу чектелип жатат. Өзгөчө борбор калаа Москва жана башка ири шаарлардын тургундары Telegram мессенжерин, банк карталарын,  такси, тамакка буюртма берүү өңдүү популярдуу тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.

Орус бийлиги муну коопсуздукту камсыздоо чарасы деп түшүндүрсө, укук коргоочулар Кремл дүйнөлүк желенин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү, жергиликтүү MAX тиркемесин киргизүүнү максат кылганын белгилешет. Кыргызстандык кээ бир мигранттар да жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын айтууда.

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, Орусияда Telegram дээрлик 80 процентке бөгөттөлдү. Марттын ортосунан бери тиркеме ачылбай, кат алышуу, сүрөт, видеолорду жүктөө кыйындады. Өзгөчө Москва, Подмосковье жана Санкт-Петербургдан даттануулар көп түшүүдө.

Роскомнадзор 10-февралда Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскерткен. РБК жана The Bell басылмалары орус бийлиги аны апрелдин башында толук бөгөттөөнү көздөп жатканын жазышты.

Мамлекеттик думанын тиешелүү комитетинин төрага орун басары Андрей Свинцовдун айтымында, орусиялыктар бул мессенжерди VPN менен да колдоно албайт. Роскомнадзор трафикке байкоо салып, чектөөнү эч ким буйтап өтө албасы эскертилди.

Москва Telegram жана WhatsApp өлкөнүн мыйзамдарын аткарбай жатат деп айыптап, аларды бөгөттөөнү кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн. Ал эми сервистердин өкүлдөрү дооматты четке кагып, мындай кадамдардын кесепети орусиялык жарандарга тийип жатканын кайталоодо.

Мобилдик интернет үзүл-кесил

Москванын борбордук бөлүктөрүндө мобилдик интернет үзүл-кесил иштегенине да эки жумадан ашты. Украинадагы согуш башталгандан бери мындай көрүнүш кайталанып турганы менен дүйнөлүк желе азыркыдай кеңири масштабда өчүрүлө элек болчу.

Миллиондогон киши банк карталарын, онлайн төлөм жүргүзүү, навигация, такси, тамакка буюртма берүү өңдүү популярдуу тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды. Такси айдагандар билген даректерге гана бара алышарын, маршрут белгисиз болсо буюртма албай жатышканын айтышат.

"Чынын айтсам, залакасы көбүрөөк тийип жатат. Саясатты аралаштырбасак да башка өлкөлөрдөгү, Польша, Венгриядагы тааныштарым менен байланышуу мүмкүн болбой жатат", - деп айтты Рейтердин кабарчысына Данила аттуу тамак-аш ташыган курьер.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия: Telegram 80% бөгөттөлдү

11-мартта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков башкалаада жана башка чоң шаарларда интернеттин ишин жайлатууну коопсуздук жүйөсү менен түшүндүргөн:

"Бардык аракеттер мыйзамга жараша көрүлүп жатат. Алар канча убакытка созулат деп сурасаңар, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чаралар канчага зарыл болсо ошончолук созулат".

Орус бийлиги Украина барган сайын соккулардын “заманбап ыкмаларын” ойлоп таап, саботаж уюштуруу үчүн адамдарды Telegram аркылуу жалдаганын айтып келет.

Бирок укук коргоочулар жана мындай чараларды сындагандар өкмөт интернетти көзөмөлдөөнү, контролун кеңейтүүнү, сырт жактагы кишилер менен байланышты, чет өлкөлүк сайттарды чектөөнү максат кыларын айтышат.

Муну менен катар орус бийлиги элди Мах деген жергиликтүү тиркемеге өтүүгө активдүү үгүттөөдө, соодагерлерди, окуучулардын ата-энелерин аны койдурууга милдеттендирип жатышат. Айрым эксперттер тиркеменин коопсуздугу бир топ суроо жаратарын белгилешет.

Telegram мессенжеринин ээси Павел Дуров 10-февралда жазгандай, орус бийлиги Telegram мессенжерин “жарандарды аңдуу жана саясий цензура үчүн жасалган мамлекет көзөмөлдөгөн тиркемеге өткөрүү аракетинде” блоктоп жатат. Ал буга чейин Иран жетекчилиги ушунай кадамга барганын, бирок ал жактагылардын көбү цензураны кыйгап, Telegram мессенжерин дагы эле колдонуп жатышканын кошумчалаган:

«Кандай гана кысымга туш болбосун, Telegram сөз эркиндигин жана жеке турмуштун кол тийбестигин жактайт”.

Мах канчалык коопсуз?

Бул мессенжер былтыр мартта ишке киргизилген. Ал башка бул өңдүү сервистерге окшош. Бизнес-аккаунт ачып, же өз каналын жүргүзсө болот.

Баса, Орусияда буга чейин Там-Там деген тиркеме иштелип чыгып, бирок кардарлар көнгөн бир топ функциялары жок болгондуктан атаандаштыкка туруштук бере алган эмес.

Мах мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн бирдиктүү бир платформа катары каралып жатат. Мисалы, мейманканалар менен авиа билеттерди брондоо, төлөм системасы, санарип банк өңдүү кызматтар көрсөтүлөт.

Адистер дал ушунусу менен ал Telegram жана WhatsApp платформаларынан айырмаланарын белгилешет. Былтыр жайында жаңы мессенжерге бир миллион киши катталганы маалымдалган.

Тиркемени иштеп чыккан VK "Газпромго" кирет. Демек, деп белгилешет эксперттер, анын орус бийлиги менен байланышы бар. Мурда аны белгилүү адамдар, инфлюенсерлер баймай-бай рекламалап келишти.

Орусиядагы мамлекеттик мекемелерге, банк жана байланыш операторлоруна кардарлар менен иш алып баруу үчүн чет өлкөлүк мессенжерлерди колдонууга тыюу салынган.

Эксперттер бул тиркеме колдонуучунун IP дарегин жана активдүүлүгү тууралуу маалыматты чогултуудан тышкары аны үчүнчү тарапка жана мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүгө укуктуу экенин белгилешет. Мындай жобо сервистин купуялуулугу тууралуу саясатында жазылган.

WhatsApp, Signal жана Telegram аркылуу салынган катты аны алган киши гана окуй алат.