Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Орусияда ФСБга байланышты себепсиз өчүрүүгө уруксат берилет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык чалгын кызматы (ФСБ) байланыштын бардык түрүн эч кандай себепсиз - өлкөдө же аймакта коопсуздук коркунучу жок болсо деле өчүрүп кое алат.

Бул тууралуу "Байланыш жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө айтыларын "Агентство" долбоору жазды.

Демилгенин жаңы версиясына караганда, байланыш оператору "федералдык кызматтардан Орусия президентинин укуктук нормативдик актылары менен бекитилген талап түшөрү менен кызмат көрсөтүүнү токтотууга" милдеттүү.

Мурдагы версиясында байланыш "мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугун коргоо максатында президент жана өкмөттүн нормативдик укуктук актылары менен бекитилген" кырдаалда ФСБдан "өтүнүч" түшкөн мезгилде өчүрүлөт деп жазылган.

Басылманын суроосуна жооп берген юристтер мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы интернет шатдаунун дагы жөнөкөйлөтөт. "Биринчи бөлүмдүн" юристи Евгений Смирнов "бул эң азында коркунуч туулган жагдайды аныктачу президенттин колун бошоторун" түшүндүрдү. Киберадвокат Саркис Дарбинян президенттин актысы "өкмөттүн токтомуна караганда дагы жеңил" экенин белгиледи. "ОВД-Инфо" уюмунун юристи Валерия Ветошкина бул өзгөртүүлөр ФСБнын укуктарын дагы кеңейтерин кошумчалады.

"Настоящее Время" долбоору ФСБнын байланышты чектөө укугу тууралуу мыйзам долбоору Мамдумага ноябрда киргизилгенин маалымдады.

Мамлекеттик маалымат агенттиктери демилгенин максаты - дрон чабуулдары учурунда байланыш үзгүлтүккө учурашына операторлорду жоопкерчиликтен бошотуу экенин жазып чыгышкан.

Мындан тышкары Орусия бийлиги мобилдик түзүлүштөрдүн маалымат базасын түзүүну көздөөдө. Байланыш
IMEI номери катталган гана аппараттарга берилет. Санарип министринин орун басары Дмитрий Угнивенко украиналык дрондорду бөгөттөө максатында мобилдик түзүлүштөрдүн реестрин түзүү пландалып жатканын айткан. "Коммерсант" басылмасы Санарип министрлиги бул сунушун ФСБга бергенин жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG