12-март күнү Ош облус аралык ооруканасынын төрөт стационарында 26 жаштагы келин операция жолу менен төрт эм төрөдү.
Ымыркайлардын бири уул бала, үчөө - кыз. Маалыматты Ош облустук администрациясы 18-мартта таратты.
Ымыркайлардын энеси - Араван районундагы Төбө-Коргон айылынын тургуну. Маалыматка ылайык, төрт эм жубайлардын тун перзенттери.
Мөөнөтүнөн эрте - 32 жумалыгында жарык дүйнөгө келген наристелердин салмагы: кыз - 1830 г, уул - 1815 г, кыз - 1520 г, кыз - 1500 г.
Ош облус аралык клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев учурда эненин да, ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык экенин билдирди.
Төрт эм жана апасы 23-март күнү үйүнө чыгарылары пландалууда.
Аталган төрөтканада буга чейин 20-февралда үч эм кыз төрөлгөн. Оорукананын төрөт стационарында буга чейин 1 жылдын ичинде 5-10 эне үч эм төрөгөн учурлар болгон.
Ош шаарында төрт эм акыркы жолу 2022-жылы төрөлгөн.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилет.
2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет.
Президент Садыр Жапаров кол койгон "Бала ырыскы" деп аталган жаңы мамлекеттик жөлөк пул быйыл 1-июлдан тартып бериле баштайт. Ага ылайык, 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет.(ZKo)