Манас шаарындагы 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулду

Курулуш министрлиги тараткан сүрөт. 18-март, 2026

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-мартта Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди.

"Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди Орунтаев.

Министр Манас шаарындагы ири курулуштар министрликтин карамагына өтө турганын айтты. Аларга шаардагы 5200 орундуу спорт сарайдын, 7 кабаттуу оорукананын, "Акылман" лицейинин, филармониянын, шаардык музей, насостук станция жана ирригациялык тармактардын курулушу кирет. Мындан сырткары министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.

Орунтаев буга чейинки текшерүү учурунда айрым курулуш объектилериндеги каржылык тартип бузуулар жана сметалык каражаттарды негизсиз көбөйтүү фактылары аныкталганын билдирди. Мындан улам бир катар объектилерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

Мунун алдында министр Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы курулуштар менен таанышып, ишкерлер менен жолуккан. Ошто салынып жаткан объектилердин бардыгы министрликтин карамагына өтөрүн билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын "Рубикон" жашыруун борбору талкаланганын билдирдиБакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалдыТИМ "Азаттык" Түркиядан тарткан, кулчулукка кабылган келиндин паспорт алуусуна көмөк көрсөтөтИзраил Ирандын чалгын кызматынын жетекчиси Эсмаил Хатиб жок кылынганын кабарлады