Украинанын Атайын операция күчтөрү Донецкинин жанында жайгашкан орусиялык "Рубикон" атайын бөлүгүнө урулган сокку "ийгиликтүү болгонун" маалымдады.
Ошондой эле бөлүктүн учкучсуз системалардын ишин координациялоочу борбору, ал эми Вольное кыштагында курал-жарак кампасы, мүлк жана техника, андан тышкары курал-жарак сактап, бөлүштүрүүчү жай да иштен чыкканы айтылды. Аскерлерге "Каршылык көрсөтүү кыймылынын мүчөлөрү" көмөктөшкөнү белгиленди.
Орусия тарап бул маалыматка комментарий бере элек.
Орусиянын "Рубикон" алдыңкы учкучсуз технологиялар борбору биринчи жолу 2024-жылдын октябрь айында, коргоо министри Андрей Белоусов борборду текшерип чыккандан кийин коомчулукка белгилүү болгон. Ал келгенге чейин борбордун аталышы маалымат каражаттарында же социалдык медиада айтылган эмес, бирок, расмий версия боюнча, "Рубикон" Белоусовдун жеке буйругу менен 2024-жылдын август айында Орусиянын учкучсуз авиация бөлүктөрүнүн биринин базасында түзүлгөн жана эки айдын ичинде "Украина Куралдуу күчтөрүнүн 400дөн ашык курал-жарагын жана жабдууларын" иштен чыгарган.
Украин аскерлери жана эл аралык эксперттер "Рубиконду" Орусиянын Коргоо министрлигинин согушка дрон колдонуудагы эң натыйжалуу демилгелеринин бири экенин белгилешкен.
"Свобода" радиосу "Рубикондун" ээсин жана анын негизги базасы кайда, кандай жайгашканын аныктоого Кремлдин журналисти, теле алып баруучу Владимир Соловьев жардам бергенин жазган.
Шерине