Израил чабуулдарынын масштабын кеңейтип, 18-марттын кечинде Ирандын түндүгүнө сокку урду. Израилдин маалымат каражаттары Каспий деңизинин жээгинде Ирандын аскер-деңиз флоту бутага алынганын жазышты.
Израил ошондой эле Ирандын Перс булуңундагы инфратүзүм объектилерине да сокку урду. Тегеран ага жооп кылып, булуңдагы араб өлкөлөрүнүн мунай объекттерин аткылады.
Израил басылмалары аскердик учактар Каспий деңизинин жээгиндеги Бандар-Анзали порт шаарында Ирандын аскер кемесине чабуул коюшканын жазышты. Маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.
Ирандын түндүгүнө урулган сокку тууралуу маалымат согуш аймактын башка өлкөлөрүнө да жайылып жаткан учурга туш келди, Тегеран Перс булуңундагы АКШнын союздаштарын - өзгөчө араб мамлекеттерин бутага алууда. Иран 18-мартта өзүнүн Түштүк Парстагы ири газ кенине урулган соккудан кийин аймактагы бардык энергетикалык объекттерди бутага аларын эскерткен.
Тегерандын Израилдин чабуулуна жооп катары Сауд Арабиясындагы, Бириккен Араб Эмирликтериндеги жана Катардагы мунай-газ объекттерин бутага алары тууралуу билдирүүсүнөн көп өтпөй Катар өзүнүн негизги Рас-Лаффан газ хабында өрт чыкканын билдирип, бул үчүн Иранды күнөөлөдү. Мамлекеттик QatarEnergy компаниясы "олутту зыян келтирилгенин" маалымдады.
Бир нече сааттан кийин, 19-марттын таңында Иран объектке жаңы сокку жасалганын билдирди, Катардын расмийлери акыркы соккулардан да "олуттуу зыян келтирилгенин" маалымдашты, ошондой эле Дохадан алыс эмес жерде өнөр жай ишканасы жабыркады.
АКШ президенти Дональд Трамп соцтармакка жазган комментарийинде Израил Түштүк Парс сыяктуу "өзгөчө маанилүү жана баалуу" энергетикалык объекттерге сокку урбай турганын билдирген. Бирок ал Тегеранга эгер Иран Катарга дагы сокку урчу болсо, америкалык аскерлер "объектти жарып саларын" эскерткен.
Сауд Арабиясы энергетикалык тармагына багытталган төрт баллистикалык ракета жок кылынганын, ошол эле учурда чыгышындагы газ объектине дрон менен чабуул жасоо аракети болгонун кабарлады.
Бириккен Араб Эмирликтериндеги Абу-Дабиде жайгашкан "Хабшан" газ кени эки ирет дрон сыныктары түшкөндөн кийин ишин токтоткон.
Бул жагдайлардан улам мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы дагы кымбаттады, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 112,84 долларга жетти.