Ооганстан менен Пакистан ок атышууну токтотуп жатканын жарыялашты

2026-жылдын 17-марты. Кабул.

Ооганстан Пакистанга каршы согуштук аракеттерин Катар, Сауд Арабиясы жана Түркиянын өтүнүчү менен токтотту. Бул тууралуу ооган өкмөтүнүн өкүлү Забиулла Мужахид X соцтармагындагы баракчасына жазды.

Мужахид ок атышуу токтой турган мөөнөттү тактаган жок, чечим үч өлкөнүн өтүнүчүнөн улам кабыл алынганын белгиледи.

Мурдараак Пакистан дагы Ооганстанга каршы чабуулдарын убактылуу токтотконун Х соцтармагына бул өлкөнүн маалымат жана телекөрсөтүү министри Аттаулла Тарар жазган.

Ал да Исламабад Ооганстанга каршы согуштук аракеттерин убактылуу токтотуу чечимин Сауд Арабиясы, Түркия жана Катардын өтүнүчү менен кабыл алганын айтып, атышуу 19-марттан 24-мартка чейин токтогонун белгилеген.

Пакистан менен Ооганстандын атышуусу февралдын аягында башталган.

Ооганстандын "Талибан" башкарган өкмөтүнүн өкүлү Забиулла Мужахид 26-февралдын кечинде Кабул Пакистандын Дүранд сызыгын бойлой жайгашкан аскердик борборлоруна чабуул башталганын билдирген.

Өз кезегинде Пакистан "жарандарын терроризмден коргоо максатында" операциялар уланарын маалымдап, "талибдерге каршы ачык согуш" башталганын жарыялаган.

Пакистан ооган бийлигин тыюу салынган "Техрик-е Талибан Пакистан" террордук тобунун мүчөлөрүн жаап-жашырууга айыптап келет. Исламабад аталган топ Пакистан аймагында адам өлүмүнө алып келген чабуулдарды жасап жүргөнүн белгилейт, Кабул айыптоолорду четке кагууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаал курчуп, аскердик активдүүлүк күчөгөнүнө байланыштуу 18-мартта кыргыз жарандарын аталган өлкөлөргө кырдаал турукташканга чейин барбай турууга чакырган. ТИМдин маалыматында азыркы учурда Пакистандын аба мейкиндиги ачык, авиакаттамдар кадимкидей аткарылып жатканы айтылган. Ошондуктан мекенине кайтуу зарылдыгы жаралган кыргызстандыктар коопсуздук чараларын сактоо менен ал жактан өз алдынча чыгып кете алышары белгиленген.

Дагы караңыз

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулдуИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирдиТИМ кыргызстандыктарды Пакистан менен Ооганстанга барбай турууга чакырдыИзраил Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, мунай кымбаттоодо