Акыйкатчы Жаманбаева сот системасындагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарын берди

Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы институту 2025-жылы жарандардан түшкөн кайрылуулар жана соттук отурумдарга жүргүзүлгөн мониторингдерди талдап чыгып, бир катар көйгөйлөрдү аныктады.

Башкы укук коргоо мекемеси соттук отурумдардын кечигип башталышы жана белгиленген күнү өтпөй, бир нече жолу кийинкиге калтырылышы системалуу көйгөй бойдон калганын белгиледи.

Былтыр Акыйкатчы институтуна сот өндүрүшүндө укуктарын коргоо өтүнүчү менен жарандардан 816 арыз-даттануу келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү соттун чечимине макул эмес экенин айтышкан.

57 жаран соттун кароосунда турган иштер боюнча кеңеш алуу үчүн кайрылса, 56 киши алимент өндүрүүгө байланыштуу кайрылды. Дагы 35и судьялардын аракеттерине даттанса, 19у соттун чечимдери аткарылбай жатканын белгилешкен.

Жыл ичинде 572 сот процессине мониторинг жүргүзүлдү. Алардын 57,8 пайызы (342) кылмыш иштерине, 32,9 пайызы (193) жарандык иштерге, 9,6 пайызы административдик иштер боюнча соттук териштирүү болгон.

Жарандар көбүнчө соттун ачыктыгын жана иштин мыйзам чегинде каралышын камсыз кылуу максатында сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүнүшөт.

"Мониторинг жүргүзгөн ар бир экинчи соттук отурум белгиленген убакыттан кеч башталган. 270 сот отурумунун ичинен 112си (41,5 %) башка күнгө жылдырылган. Бул сот органдарынын уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди көрсөтүп, сот өндүрүшүнүн создуктурулушуна жана жарандардын сот адилеттигине жетүү укугун чектөөгө алып келет. Сот процесстеринин үзгүлтүккө учуроосунун негизги себептери катары судьялардын бошобой жаткандыгы, процесстин катышуучуларынын келбей калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Айрым учурда сот залы да бошобой калат", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган кемчиликтерди жоюу боюнча Жогорку Сотко сунуштарды жөнөттү.

Аталган мекеме азырынча маалымат же комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров учурда сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирген.

Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген. (КЕ)

Дагы караңыз

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулдуИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирдиТИМ кыргызстандыктарды Пакистан менен Ооганстанга барбай турууга чакырдыИзраил Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, мунай кымбаттоодо