Ошко эки эстакада көпүрө жана жол куруу тууралуу мыйзам парламентте жактырылды

Ош шаарынын батышындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Март, 2026-жыл.

Жогорку Кеңеш 19-марттагы отурумунда Ош шаарындагы эки эстакадалык көпүрөнүн жана жолдордун курулушу тууралуу мыйзам долбоорун колдоду.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жол тыгынын азайтуу максатында эки эстакадалык көпүрөнү жана 3,2 чакырым жолду куруу үчун Евразия өнүктүрүү банкы 15,7 млн доллар берет. Мунун ичинен 1,2 млн доллар кайтарымсыз грант болот.

Эки эстакадалык көпүрөнүн жана жолдун курулушу үчүн жалпы 19,2 млн доллар сарпталат. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда, Евразия өнүктүрүү банкы бере турган каражаттан тышкары 3,9 млн доллар мамлекеттик бюджеттен алынат.

Транспорт жана байланыш министрлиги Ош шаарында жол тыгыны учурдун көйгөйү болуп жатканын белгилеп, эстакадалык көпүрөлөр жана жолдун курулушу тыгынды азайтарын билдирүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстан менен Пакистан ок атышууну токтотуп жатканын жарыялашты"Ташиев сыртта жүрө берсе саясий рейтинги түшүп кетмек". Эксперттердин пикириМанас шаарындагы 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулдуИзраил Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, мунай кымбаттоодоТИМ кыргызстандыктарды Пакистан менен Ооганстанга барбай турууга чакырды