Кыргызстан-Кытай соода эсебиндеги ажырым кайдан чыгат?

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Бедел бекети

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмүндөгү эки өлкөнүн расмий статистикалык маалыматтарындагы чоң ажырым тууралуу такай айтылып жүрөт.

Кытай тарап январдан декабрга чейин товар жүгүртүүнүн көлөмү 27 миллиард 198,9 миллион доллар болгонун билдирген. Ал эми Кыргызстан 4 миллиард 973,8 миллион доллар деп көрсөткөн. Белгилей кетсек, 2024-жылы эки өлкөнүн соода статистикасынын айырмасы 17 миллиард 132,5 миллион долларды түзгөн.

2025-жылы Кытай менен Кыргызстан 27 млрд доллардан ашуун суммага соода-сатык кылган. Бул Бээжиндин расмий эсеби, Кыргызстандыкы мындан кескин айырмаланат. Өсүш дээрлик 20% жетет. Анын 80% ашууну экспорт, 20% чукулу импорт болуп эсептелет.

Президент Садыр Жапаров былтыр июнь айында Астанада өткөн «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышып жатып, кыргыз-кытай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын билдирген жана 2024-жылдагы статистикага мындайча токтолгон:

«Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соңку жылдары соода жүгүртүү 8 эсеге өскөнүн көрүп жатабыз. Өткөн жылы соода жүгүртүүбүз рекорддук чекти – 23 млрд долларды түздү. Албетте, Кытай Кыргызстандын эле эмес, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат».

Жапаров жарыялаган 23 млрд доллар Кытайдын бажы башкармалыгынын эсебине негизделген. Ал мындай статистиканы андан мурдараак, февраль айында «Синьхуа» агенттигине маек берип жатып да айткан. Кыргыз президенти эмне үчүн өз өлкөсүнүн эмес, Бээжиндин эсеп-кысабына таянары түшүнүксүз.

Бишкектин расмий статистикасына ылайык, Кыргызстандын тышкы соодасынын үчтөн бири Кытай менен жүргүзүлөт. Импорттогу үлүшү андан да көп – 40%га чукулдайт.

Бишкек менен Бээжиндин эсеп ажырымы чоңоюп барат

Арийне, Кыргызстан 2025-жылдагы сооданын көлөмүн 27 млрд эмес, 5 млрд долларга жетпегендей эсептейт. Мындай айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы соода алаканын көлөмү ар башка эсепти көрсөтөт. Кыргызстан менен Кытайдын 2025-жылдагы бажы эсептеринин ортосундагы ажырым 5,5 эсени (547%) чапчыйт же 22 млрд доллардан ашат.

Ишкер Айбек Сарыгул чек аралык жүк ташуу процесстерине тыгыз катышкан адис катары мындай айырмачылыктын жаралышына өзүнүн байкоолору бар.

“Гуанчжоудан же Иудан “Дордой” базарына товар алганда аларда көбүнчө эсеп-фактура деген түшүнүк болбойт экен. Анан, экспорт болуп атканда Топодон Торугартка же Улуу-Чаттан Эркештамга өткөн жерлерде кытай компаниялар экспорттук кызматтарды беришет экен. Ошолор өздөрү тууралап, ошого жараша экспорттук документтерин кылышат экен. Биз азыр жүк ташуусун кылып атабыз да. Компаниялар товардын тизмегин беришет экен “жүктүн ичинде ушулар-ушулар бар” деп. Ошого жараша тиги жактагы экспорт компаниясы экспорттук документтерин ачып, анан жөнөтөт экен. Бирок, ал жерде кытай тарап эч кандай декларациянын көчүрмөсүн бербейт экен. Кайсы баада экспорт кылынганы, канчадан деп көрсөткөнү же болбосо кайсы товарлардын жазылганы бир аз бүдөмүк. Расмий экспорт болгондорун көрүп атабыз, аларда туура чыгып атат. А берки көбүнчө базар жүктөрүндө, кийим-кечектерде эч кандай маалымат жок”.

Бажы кызматы мындай ири ажырымды адатта транзиттик товарлардын эсебиндеги айырмачылыктар менен түшүндүрүп келет. Маселен, Кытай Кыргызстанга карай жөнөтүлгөн бардык товарды экспорт катары эсептесе, кыргыз бажысы ички рынок үчүн кирген товарды гана эсептеп, үчүнчү өлкөлөргө багытталган товарды транзит катары кабылдайт.

Муну менен катар, бажыдан өтүп жаткан товарды декларациялоодо маалыматтар бурмаланып кетиши мүмкүн – алардын реалдуу наркы же көлөмү азайтып көрсөтүлөт деген пикирлер да бар. Мындай пикирлердин да орундуу экенин атайын кызматтар менен Бажы комитетинин буга чейин жарыялаган бир катар маалыматтары кошумча тастыктап келет.

Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кирешелери башкармалыгынын жетекчи орун басары Алмаз Акынбеков эки өлкөнүн экспорт-импорттогу эсептеринин айырмачылыктарын мындайча түшүндүрөт.

“Биз менен Кытай тараптын статистикалык эсептөөсү жана ыкмалары айырмаланат. Кытай тараптан бизге жана биз аркылуу өткөн бүт товарлар эсептелинет. А бизде ички керектөөчү товарлар гана эсептелет. Биз аркылуу Тажикстанга, Ооганстанга же Пакистанга кеткен транзит товарлар эң чоң өлчөмдө. Андан тышкары, импорт багытындагы 14 бажы процедурасы Кытай тараптан эсептелинбейт. Муну менен катар, физикалык тараптар электрондук соода аянтчалары аркылуу өзү үчүн алып келген товарлар да жакшы көлөмдө. Алар дагы Кытай тарапта эсептелип, биз тарапта ички керектөөчү бажы процедурасына кирбегендиктен, эсептөө жүрбөйт. Жеңилдетилген процедура менен таризделет. Ошондой эле, бизге Казакстан аркылуу келген товарлар да бар, бажы мыйзамдарына ылайык бизге келбей, алуучулары өзгөрүп кетип Казакстанда калып калган жүктөр да жок эмес”.

Кыргыз импортундагы ажырымды ушинтип түшүндүргөн менен, Кытайга экспортундагы айырманын 2023-жылдан тарта эбегейсиз өсүп кетиши таң калыштуу.

"Үчүнчү өлкөлөрдөн биздин аймак аркылуу Кытай тарапка транзит өткөн товарлар бизде эсептелбейт. Биз өзүбүздүн мамлекеттен экспорт процедурасы боюнча чыккан товарларды эле эсептейбиз. Ошон үчүн ошондой айырмачылыктар бар", - дейт Алмаз Акынбеков.

Бажы кызматы Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзит өткөн кытай товарларынын көлөмү 4,5 млрд тоннага жетерин билдирүүдө.

Бажыдагы күмөндүү схемалар дале иштеп жатабы?

Бажы декларацияларын жасалмалоо, импорттук товарлардын чыныгы түрүн жаап-жашыруу же башка арзан товарга алмаштырып каттоо сыяктуу көрүнүштөр көп эле айтылып келет. Бул жаатта атайын кызмат менен укук коргоо органдарынын билдирүүлөрү да маал-маалы менен жарыяланып турат.

Былтыр жыл башында Өзбекстанга өтүп бараткан кытай товарларынын партиясы кармалган. Анда кыргыз бажысынын мөөрү басылган дагы бир жасалма коштомо кагаз аныкталган. Августта Кытайдан кирип Өзбекстанга багытталган 2,56 млн акциздик марканын аткезчилигин аныктаган.

2023-жылы УКМК Бажы кызматынын өкүлдөрү катышкан коррупциялык схеманы аныктаганын кабарлаган. Ага ылайык, Бажы кызматынын кызмат адамдарынын калкалоосуна жамынган айрым компаниялар Кытай товарларын Өзбекстанга транзит өткөрүү катары тариздеген. Бирок, товар бажы төлөмүн төкпөй туруп Кыргызстандын аймагына түшүрүлүп, жасалма декларация жана идентификациялык каражаттар менен коштолгон бош унаалар андан ары Өзбекстанга өтүп кеткен. Натыйжада, зыяндын көлөмү 1 млрд сомдой деп бааланып, 6 бажы кызматкери жана жеке компаниянын 3 өкүлү камакка алынган.

Мындай мисалдар маалымат айдыңына маал-маалы менен чыгып турат жана бажыда коррупция бар, Кытайдан кирген товардын баары эле казынага каражат төкпөйт деген пикирди калыптандырып келет.

Кыргыз-Кытай соода палатасынын вице-президенти Асел Молдалиева бажы документтерин жасалмалоо амалдары мурдатан болуп келгенин, ага көбүнчө брокердик компаниялар жооптуу экенин айтат.

“Коддорду өзгөртүп, көбүрөөк бааны азыраак кылып жазган биздин өкмөткө тиешелүү иш эмес. Анткени, аны кылып жаткан брокердик компаниялар бар. Бул бажылык тариздөө менен иштеген кесиптик компаниялардын жоопкерчилиги жана ошолордун кесипкөй иштешинин натыйжасы десек болот. Мисалы, Кыргызстандын рыногунда жок товарлар болсо, чындыгында арзаныраак кылып жазып коюшу мүмкүн. Анткени, биздин бажычылар Кытайдын рыногунда канча турарын, кандай шарттар менен алынып келерин билбейт да. Мисалы, кээ бир учурда 3000 доллар турган товарды 500 доллар деп жаздырып койсо, 2500 доллар салыгын, бажы алымдарын төлөбөй коюп атышпайбы. Ошондой учурлар да кездешет”.

Алмаз Акынбеков бажыдагы күмөндүү схемалар же документтерди жасалмалоо аркылуу жүк өткөрүү схемалары кездешип турарын ырастайт. Бирок, анын масштабы чоң эмес экенин, андай көрүнүштөр менен күрөш жүрүп келатканын билдирди. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бажы эсептерин мүмкүн болушунча жакындатуу боюнча иштер жүрүп келатканын кошумчалады.

Кытай менен соода статистикасынын эсеби боюнча Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде да айырмачылыктар бар. Бирок, алардын көрсөткүчү Кыргызстандыкындай өтө чоң эмес. Маселен, Казакстан менен Кытайдын соода эсебиндеги ажырым 2025-жылы 43% болгон. Казак бажысы Кытай менен сооданы 34,1 млрд доллар деп эсептесе, Кытай бажысы аны 48,7 млрд экенин көрсөткөн.