Украина: Сумыда орус армиясынын соккусунан үч кишинин өмүрү кыйылды

Орус армиясынын Сумы облусуна койгон чабуулунун кесепети.

Украинанын Сумы облусундагы Сумы, Охтырка жана Шостка райондорунда орус армиясынын соккуларынын натыйжасында үч адамдын өмүрү кыйылып, дагы 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу 19-мартта облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлери соккуларда дрондорду да, авиациялык бомбаларды да колдонууда.

Орус армиясы 19-мартка караган түнү Одесса облусун да абадан аткылады. Бир канча имаратка, машинеге зыян келтирилди.

Орусиянын аскерлери дрондорду, ракеталар, башкарылуучу авиациялык бомбалар менен Украинанын шаарларын жана жарандык инфраструктурасын дээрлик бардык аймактарда абадан аткылап келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусия Федерациясынын согуш кылмыштары катары баалап, алардын атайылап жасалып жатканын белгилешет.

Орусиянын жетекчилиги болсо толук масштабдуу согуш учурунда украин шаарлары менен айылдарындагы жарандык объектилерге атайылап сокку урулуп жатат деген дооматтарды четке кагып келет. Алар жарандарды бутага алуу, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетикалык жана суу менен камсыздоо объектилерин талкалоо тууралуу айыптоолорду четке кагышат.

Дагы караңыз

Кувейтте жана Сауд Арабиясындагы мунай иштетүүчү заводдор чабуулга кабылдыӨзбекстанда майрамдарды утурлай түрмөдөгү 400дөй адамга ырайым берилдиИнтерпол аркылуу издөөдө жүргөн адам Кыргызстандан кармалды