Өзгөчө оор кылмышка шектелип Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган адам Кыргызстанда кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 19-мартта тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын 41 жаштагы жараны өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин эл аралык реестрине киргизилип, Интерпол аркылуу издөөгө алынган.
Атайын кызмат шектүү ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кармалганын маалымдады.
Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта.
Коопсуздук кызматы учурда иштин жагдайларын аныктоо иштери жүрүп, шектүү менен байланышта болгондорду издеп жатканын кабарлады.
Марттын башында Кыргызстанда Интерпол аркылуу ири суммадагы алдамчылык үчүн издөө жарыяланган адамдар Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында кармалган.(ZKo)
Шерине