Жогорку сот Акыйкатчы институтунун бул тармактагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарына жооп берип, алар конструктивдүү сын-пикирлерге ачык экендигин жана сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин белгиледи.
Мунун алдында Акыйкатчы институту 2025-жылы жарандардан түшкөн кайрылуулар жана соттук отурумдарга жүргүзүлгөн мониторингдерди талдап чыгып, бир катар көйгөйлөрдү аныктаганын 19-мартта билдирген. Башкы укук коргоо мекемеси соттук отурумдардын кечигип башталышы жана белгиленген күнү өтпөй, бир нече жолу кийинкиге калтырылышы системалуу көйгөй бойдон калып жатканын жазган.
Былтыр Акыйкатчы институтуна сот өндүрүшүндө укуктарын коргоо өтүнүчү менен жарандардан 816 арыз-даттануу келип түшкөнүн, басымдуу бөлүгү соттун чечимине макул эмес экенин маалымдаган.
Жогорку сот буга жооп кылып, кайрылуулар жана даттануулар боюнча сандык көрсөткүч (816) объективдүү абалды толук чагылдырбай турганын билдирди. Ошондой эле арыз ээлеринин басымдуу бөлүгү сот чечимдерине макул эместиги тууралуу айтылган билдирүү чындыкка дал келбей турганы айтылды.
"2025-жылы биринчи инстанциядагы соттор 280 308 ишти жана материалдар каралган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу (246 931) 13,52 пайызга көп жана 2020-жылдагы көрсөткүчтөн (125 285) кыйла жогору болгон. Ошол эле учурда каралган иштердин жалпы санынан болгону 5 933 иш Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанылган. Демек, Жогорку сот инстанциясына иштердин болгону 2,11 пайызы гана жеткен. Кайрылууда сот отурумдарынын үзгүлтүккө учурашынын себептери катары судьялардын иш менен алек болушу негизги факторлордун бири катары көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө судьяларга жүктөлгөн иш көлөмү белгиленген нормативдерден кыйла жогору", - деп айтылат Жогорку сот тараткан маалыматта.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун айрым сотторунда бир судьяга айына орточо 52ден 69га чейин иш жана материал туура келсе, борбор калаанын сотторунда бул көрсөткүч 90го чейин жетет.
Президент Садыр Жапаров учурда сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирген.
Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине