"Руханий тазалануу, сабыр жана кайрымдуулук айы". Кыргызстан Орозо айт майрамын белгилөөдө

Сүрөт Жогорку Кеңештин маалымат кызматына таандык. Бишкек. 2026-жылдын 20-марты.

Ички иштер министрлиги 20-мартта Кыргызстанда Орозо айт намазы тынч өткөнүн билдирди. Борбор калаанын милициясы бул күнү Бишкек шаарынын аймагында айт намазына жалпы 100 миңдей киши катышканын кабарлады. Соңку эки жылдан бери айт намазы жума мечиттерде гана окулуп келген.

Кыргызстандык мусулмандар бүгүн 20-мартта ыйык Орозо айынын жыйынтыкталышынын урматына айт майрамын белгилеп жатышат. Өлкөдө бүгүн дем алыш күн.

Таң эрте бардык мечиттерде Орозо айт намазы окулуп, муфтий өзү катышкан иш-чара эки жылдан кийин кайрадан борбор калаа Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында (эски аянт) өттү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстан аймагында айт намазы учурунда коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалганын билдирди.

Мекеме миңдеген адамдар намаз окууга чогулганын кабарлады:

"Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылды. Милициянын кошумча күчтөрү тартылып, жол кыймылын жөнгө салуу жана кайгуул күзөт күчөтүлдү. Иш-чара эч кандай кырсыксыз, тынч өттү".

Cүрөт ИИМдин басма сөз кызматыныкы. Бишкек. 2026-жылдын 20-марты

Бишкек шаарында айт намазга 100 миң жаран катышканын, коомдук тартипти 3,5 миңге жакын милиция кызматкери камсыз кылганын шаардык милиция маалымдады.

"Коомдук коопсуздук «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары аркылуу да камсыздалып, кырдаал онлайн режимде көзөмөлдөндү. Милиция кызматкерлери борбор калаанын 12 ири мечитинде да кызмат өтөп, ал жерлерде да майрамдык намаздар окулду. Алдын ала маалыматтар боюнча, айт намазга болжол менен 100 000 жаран катышты", - деп билдирди шаардык милиция.

Акыркы жолу Бишкектеги айт намазы эски аянтта 2023-жылы окулуп, андан кийин жума мечиттерде гана өтүп келген. Муфтият муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. 2024-жылдын апрель айындагы билдирүүсүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы "Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намазы окула турган мечиттерде окулат" деген.

Көп жылдан бери эски аянтта он миңдеген кишинин катышуусунда өтүп келген айт намазы коронавирус пандемиясы маалында да убактылуу токтотулуп, уруксат берилген гана жайларда окулуп турган.

Муфтий Абдулазиз Закиров өз куттуктоосунда быйыл айт намазын борбордун эски аянтында окуу мүмкүнчүлүгү жаралганы үчүн ыраазычылык билдирип, Орозо айы исламдагы ыйык кош майрамдын бири экенин белгиледи.

"Орозо – бул адептин күчтөнүшүнө, ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Берекелүү орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге руханиятыбызды көркүнө чыгарат. Дүйнөгө, үммөткө, мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө кубаныч, сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн", - деди муфтий 19-мартта.

Эски аянттагы бүгүнкү айт намазга өлкө жетекчиси Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку сот төрагасы Медербек Сатыев катышты.

Президент Садыр Жапаров Орозо айт майрамына карата жарыяланган куттуктоосунда кыргыз эли кылымдардан бери ислам баалуулуктарын ата-бабалардан калган нарк-насил, салт-санаа менен айкалыштырып, салттуу дин катары сактап келгенин, бекем руханий пайдубал кыргыз коомунун туруктуулугун камсыз кылып, мамлекеттин өнүгүүсүнө жана биримдигине өбөлгө болуп келгенин айтты:

"Бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинде Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда болуп жаткан саясий кризистер менен куралдуу жаңжалдар жалпы адамзат үчүн олуттуу сыноо болуп турат. Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштук жаңжалдар менен чыңалуулар эртерээк токтоп, бардык элдер үчүн тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орносун деген тилегибизди билдиребиз".

Кыргызстандын эли көп этностуу, көп түрдүү болсо да күчү биримдикте, ынтымакта жана өз ара ишенимде экенине көңүл бурган Жапаров ушул баалуулуктарды бекем сактоо менен өлкөнү өнүктүрүп, келечек муундар үчүн күчтүү жана бакубат мамлекет куруу мүмкүн болорун белгиледи. Ошону менен катар өлкө башчысы берекелүү Орозо айы ар бир мусулман үчүн руханий тазалануунун, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун айы экенин кошумчалады.

Кыргызстанда, ачык булактардагы соңку маалымат боюнча, 3,5 миңдей мечит бар.

Орозо айт, Курман айт майрамдары өлкөдө майрамдык дем алыш күн деп эсептелет.