“Алгач жолдошум, тогуз айдан кийин кызым каза болду”
Жибек Сулайманованын өмүрүн алган каргашалуу окуя 2025-жылдын 9-декабрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кашкалак айылында болгон. Секелек кыздын сөөгү ал убактылуу жашап жаткан фостердик үй-бүлөнүн короосундагы малканадан табылган, милициянын версиясы боюнча кыз мал-жандык байланчу жипке асынып алган.
Маркум Жибек убактылуу багуучуларга 13 жаштагы бир тууган иниси менен алты айлык мөөнөткө былтыр октябрда берилген. Балдардын энеси социалдык коргоо кызматы анын эки баласын фостердик үй-бүлөгө негизсиз жайгаштырган деп эсептейт.
Гүлбайра Сулайманова кызынын сөөгүн жууганы киргенин, Жибектин оозу, бети көгала экенин айтып, ыйлады:
Гүлбайра Сулайманова
“2025-жылдын январь айында күйөөм каза болуп калды. Сиңдимдикине бардык. Сиңдим экөөбүз тил табыша албай, уруша кеттик. Апам сиңдиме болушуп, аймактык милиция кызматкерин чакырган. Менин ал кызматкер менен башынан конфликтибиз бар болчу. Ал социалдык коргоо кызматын чакырып, “мунун жашаган жери жок, балдарын бага албайт” деген. Балдарымды өткөрүп салышты. Негизи бул убакка чейин балдарымды багып эле келгем. Эч бир жөлөк пул да алган эмесмин. Жеке ишкер болчумун. Тескерисинче, өкмөткө салык төлөп келгем. Мектепке балдар окутулбаган, каралбаган дешкен. Мага карата жалган көрсөтмөлөр берилген. Үйү жок жалгыз мен эмес да. Батирлеп жүрсөм деле эки баламды өзүм багып алмакмын да. Күйөөмдүн эч жери ооруган деле эмес. Оорубай эле капыстан жүрөгү кармап, каза болуп калган. Андан тогуз айдан кийин кызым каза болуп калып жатат да”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
15 жаштагы секелектин өлүмү суроо жаратты
Фостердик үй-бүлө деген эмне?
Фостердик үй-бүлө же бакма ата-эне – мамлекеттин камкордук программасы. Адатта фостердик үй-бүлөгө багар-көрөрү жок, кароосуз калган балдар берилет. Бакма үй-бүлөнү мамлекет атайын окуудан өткөрүп, ай сайын акча төлөп берет.
Баланын муктаждыгына да өзүнчө акча төлөнөт. Төлөмдүн суммасы баланын санына, жаш курагына, майыптыгы бар же жок экенине байланыштуу болот.
Кароосуз калган балдарды багууга берерде алгач атасы же апасы тараптан жакын туугандары каралат. Алардын багууга чамасы жетпесе же эч бир жакыны жок болсо гана балдар фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылат.
Бул жараянды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, жергиликтүү социалдык коргоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.
“Болбосо качып барабыз”
Ошентип эки бала фостердик үй-бүлөгө барып, жашап калат. Өспүрүмдөр барары менен телефон таап, апасына байланышып, дарегин жиберишкен. Апасы Гүлбайра Сулайманова билдиргендей, алар алып кетүүнү өтүнүп, болбосо өздөрү качып барарын айткан.
Гүлбайра Сулайманова кызы Жибек менен
“"Апа, биз Чарос деген эженин үйүндөбүз. Тельман айылындабыз. Сиз келсеңиз сизди камайт экен, бизди балдар колониясына берип коёт экен. Бизди Бишкекке алып кетет экен. Чарос эже ушинтип айтып жатат" деди. Баргандан кийин эле балам стресс болуп, кызыма ыйлай баштаптыр. Мага сүрөт, видеолорун жөнөтүп жатты. "Бизди качан алып кетесиз? Сотко берем дедиңиз эле, эмне болду? Биз качып бара берелиби?" деди. Тура тургула деп, соцкоргоо кызматына бардым. Балдарды көрүп чыдай албай жатам, алып кетем десем, “мыйзам бузба” дешти. Мен макул деп, мыйзам бузууга барган жокмун. Өлүмгө чейин алып барышын билгенимде мен барып эле алып кетип калмакмын да”, - деп ыйлайт балдардын апасы.
Ал пробациялык көзөмөлдө тургандыктан балдарды өз алдынча алып кете алган эмес. Аял балдарын көрүүгө укуктуу болгону менен социалдык коргоо кызматы буга уруксат бербегенин кошумчалады.
Секелектин таежеси Айчүрөк Кочкорбай кызынын айтымында, Жибек менен иниси жаштайынан таята, таенесинин үйүндө чоңойгон. Балдар акыркы үч жылда апасы менен жашай баштаган:
Айчүрөк Кочкорбай кызы
“Биз Жибекти кичинекейинен өзүбүз бакканбыз. Кичинесинен 13 жашка чейин бизде болгон. Апасынын колунда үч жыл болду. Үч жыл дегенде фостер үйү алып коюп жатат. Фостер үй-бүлөгө берилгенин кийинчерээк угуп, чоң апам “бизге бергиле” деди. “Жок, берилбейт” деген. Дарегин айт десе, аны айткан жок. Социалдык коргоо кызматынын өкүлү Ильич атама чалып, “сиз кимиси болосуз?” деп сураган. “Мен кызды баккан атасы болом, бакканга каражатым жетишет” десе, “азыр сизге берилбейт, алты айлык мөөнөт койгонбуз” деген. Сот болот, анан деген. Жалдырадык, ыйладык, бизге балдарды бербей коюшту. Көрсөткөн да жок. Кандай жерде жашаганын көрөлү десек “жок, жолукканга болбойт” деди”.
Айчүрөк Кочкорбай кызы маркум Жибектин акыркы үн каттары менен бөлүштү.
“Кандайсыз? Эмне кылып жатасыз? Кайра чалбай эле коюңуз. Эшикте элем. Чарос эже келген. “Туугандарың менен сүйлөшпө, чалба” деген да. Ошого анын алдында сүйлөшпөй эле коёюн деп жатам да”, - деген секелек.
Ала-Бука районундагы балдар менен иштөө комиссиясынын төрагасы Ильич Узенов балдар фостердик үй-бүлөгө өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Ошондой эле, фостердик үй-бүлөгө балдардан кабар алганы барганда, Жибектен суицидге ыктаган белги байкабаганын кошумчалады:
Социалдык коргоо мекемеси тарткан сүрөт
“Бул маселени Балдар иштери боюнча комиссияга берүүнү милиция демилгелеген. Биз ишти кароого мажбур болдук. Милиция кызматкери видео материалдарды көрсөткөн. Комиссиянын чечими менен Жибекти жана инисин фостердик үй-бүлөгө алганбыз. Андан кийин жетекчи катары мен өзүм кабар алып, бир жолу баргам. Ал эми кол алдымдагы кыздар эки-үч жолу барышкан. Андан сырткары, бир жумада кеминде бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Мен барганда Жибек менен да, иниси менен да сүйлөшкөм. Ар бири менен өзүнчө жана экөө менен чогуу да сүйлөшкөнбүз. “Ильич аке, мектепте да эч кандай көйгөй жок. Баары жакшы. Окууларым да жакшы” деген”, - деп айтты Узенов.
Ал эми бакма эне Чарос Рахимова өспүрүмдөргө жакшы мамиле кылганын, мамлекеттен айлык алганга чейин да кароосуз калган балдарды акысыз карап келгенин билдирди. Ошондой эле Жибек ал күнү чогуу жашаган кыздын телефонун мугалимге алдырып коюп, ызаланганын айтып берди:
Социалдык коргоо мекемеси тарткан сүрөт
“Ошол күнү мени мектепке чакырышкан. Жибек мектепке телефон алып келип жатканын айтышкан. Үйгө барсам Жибек күзгүгө каранып, чачын тарап жатыптыр. “Телефонумду алып келдиңизби?” деп сурады. "Жок, сен тоготпой, түшүнүк кат да жазбай келипсиң, Жибек. Ошону жазып, алып келсең болот эле го" дедим. Тамак салып берейин деп Жибекти таппай калдым. Аңгыча үйдө жашап жүргөн дагы бир кыз малкана жактан “Жибек асынып алыптыр” деп бакырды. Кантип чуркап барганымды билбейм. Менин малканам асына турган бийиктикте эмес. Колуңузду сунсаңыз, жете турган да. Кошунамды чакырып, машинеге жүктөп, ооруканага алып жөнөдүк. Жарым жолго жеткенде гана Тез жардам келди. Жашоого умтулгусу келбей калдыбы? Эмне себеп болгону мага да караңгы. Мен ал балдарды урсам, зордук-зомбулук көрсөтсөм, алар мени тандабайт эле да. Апасы мектепке келгенде кошо кетип калат эле да. Телефонго байланыштуу мугалими да сурак берди. Ошондон бери сурактар башталды”, - деди маркум Жибекти убактылуу багып жаткан Рахимова.
“Эми уулумду мага бербей жатышат”
Социалдык коргоо башкармалыгы окуядан кийин Жибектин инисин фостердик үй-бүлөдөн алып, таежесине өткөрүп берген. Ал тапта кызынан айрылган Гүлбайра Сулайманова уулун өз камкордугуна алсам деп далалат кылууда.
Эне каражат жоктугунан адвокат жалдай электигин айтты. Мындан улам балдарын фостердик үй-бүлөгө жайгаштыруу канчалык негиздүү болгонун, кызынын өлүмүнө алып келген жагдайга байланыштуу адамдардын жоопкерчилиги деген маселенин каралуусун талап кылып, бийликке кайрылды.
Жибек Сулайманова иниси менен
“Балам “эжем көз алдыман кетпей жатат” дейт. Көнүп калган эжесине. Баламдын да акыбалы оор. Нес абалда. Психологдорго алып барайын десем, булар мага уруксат беришпейт экен. Садыр Жапаровго кайрылам. Менин бойго жетип калган кызымды өлүмгө чейин алып барышты. Өлө турган болсо бизде, өзүбүздө жүргөндө эле өлүп алмак. Же болбосо баргандан 10-15 күндөн кийин өлүп алмак. Алар мени эки ай күттү. Алып келе албадым, какпаган эшигим калбады. Кызымды өлүмгө алып барган Чаростун үстүнөн, Гүлназ эженин, социалдык коргоо башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн, аймактык милиция кызматкери Чыңгыздын үстүнөн мыйзамдын негизинде карап берсе деп суранам”, - деди ал.
Иш кайра каралат
Жалал-Абад облустук милициясы кыздын денесинде асынуунун изинен башка жаракат жоктугу аныкталганын маалымдады. Анын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому кабыл алынып, бирок кайра жокко чыккан.
Жибек Сулайманова
“Г.С. аттуу жарандын арызынын негизинде Ала-Бука райондук прокуратурасы аталган токтомду жокко чыгарып, материалдар кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн кайрадан жөнөтүлгөн. Учурда аталган факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп маалымдады Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Улукбек Сулайманов.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы мамлекеттен фостердик үй-бүлөлөр үчүн 60 млн сом бөлүнгөн. Учурда 122 фостердик үй-бүлө бар болсо, анда 269 бала тарбияланууда.