"Туура эмес маалымат таратышпасын". Ташиев айыптоолорду чечтке какты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, ИИМге сурак бергенден кийин биринчи ирет коомчулукка чыкты. Бишкектеги мечиттердин бириндеги Орозо айт намазынан кийин ал соңку окуяларды учкай комментарийлеп, өз дарегине айтылган айыптоолорду каралоо деп атады.