Дарыгерлерге ипотекалык үйлөрдү жеңилдик менен алууга шарт түзүлөт

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 20-мартта Фейсбук баракчасы аркылуу медициналык кызматкерлерге ипотекалык үйлөрдү жеңилдетип алууга шарт түзүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тартып медицина жаатында эмгектенгендердин маянасы 100% көтөрүлөт. Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген дарыгерлер ушу тапта 13 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 248 сом алышат. Калган дарыгерлердики иш тажрыйбасына жараша жогорулайт.

"Башкача айтканда, “стаж үчүн” деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт.
Мындан тышкары, алыскы тоолуу райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30% көбөйөт. "Дарыгердин депозити" программасы боюнча мамлекет бүгүнкү күндө дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон төлөп берет. Жаш дарыгерлер талап кылынган адистиктер боюнча (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургия боюнча дарыгер) иштегени келсе, аларга ай сайын 20 000 сомдон кошумча төлөнөт", - дейт Алагөзов.

Ал эми өлкө боюнча 28 миң медайымдын айлыгы 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин же үч эсе көтөрүлөт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегени дагы эске алынат.

Президенттин басма сөз катчысы медициналык мекемелерге билими бар ар кыл багыттагы 1 596 дарыгер жетишсиз экенин белгилеп, билими бар адистерди ишке чакырды.

Дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн 13-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев парламенттеги “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирген. Анын айтуусунда, быйылкы жылга Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетине 52,380 млн сом бөлүнгөн.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн, 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин 2024-жылы билдирген. Ал кызматтан кеткенден кийин ордуна келген Эркин Чечейбаев дарыгерлер түрдүү коэффициент жана кошумча акыны кошкондо 35-40 миң сом аларын айткан. (ST)


Дагы караңыз

Ветеринардык кызмат сырттан мал кирбегенин, өлкөдө пастереллез катталбаганын билдирдиКамчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айттыИран Израилдеги мунай өндүрүүчү заводго сокку урдуЭски аянттагы Айт намазга Садыр Жапаров катышты