Жолдо мушташкан айдоочуларга айып салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды

Жолдо бараткан унаа айдоочулары же башка жарандар менен мушташкан, жаңжал чыгаргандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев демилгелеген документ 19-мартта коомдук талкууга чыкты.

Анда жолдо мушташкан, жаңжал чыгарган же жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан учурда жаранга 10 миң сом айып салуу каралууда. Бул укук бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса, жарандын айдоочулук укугу жарым жылга чектелет.

“Азыркы учурда мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик жетиштүү деңгээлде так аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу айдоочулардын мушташтарга, жаңжалдарга жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан башка агрессивдүү аракеттерге катышуусу үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзүнчө норма киргизүү сунушталууда”, - деп жазылган долбоордун маалымат-негиздемесинде.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соңку күндөрү жолдо унаа айдоочуларынын арасында катталып жаткан жаңжалдар тууралуу маалымат таратып, аларды сабырдуулукка чакырып жатат. Айрым учурлар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет.

Дагы караңыз

Бишкектин Ленин райондук сотунда Тажибек кызынын иши карала баштады Манас шаарындагы филармонияга деген каражат мектептерди оңдоого жумшалат Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов "УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын" айтып чыктыЖогорку сот Махабат Тажибек кызына чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти райондук сотко жөнөттү