Жогорку сот 10-мартта Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберди.
Ага ылайык, Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга абакка кескен Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы өкүмү, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечими жана эки инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарылды.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
БУУнун чечимине байланыштуу анын адвокаты ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.
Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Махабат Тажибек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. Ал соттолуп, өлкөдөн күч менен чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.
Прокурорлордун өтүнүчү менен былтыр 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан. Иш жүзүндө алардын сайттарынын жана баракчаларынын ишине толук тыюу салынган. (BTo)
Шерине