Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Рахмон Ирандын жаңы жогорку лидерин куттуктады

Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-март күнү Можтаба Хосейни Хаменеини Иран Ислам республикасынын жогорку лидерлигине шайланышы менен куттуктап, телеграмма жиберди. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Сиздин улуу урматтуу жетекчилигиңиз алдында Ирандын сыймыктуу эли бүгүнкү күндө биздин дос жана бир тууган өлкөбүз туш болуп жаткан бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгарына ишенем. Биз Ирандын аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдөгү конструктивдүү ролун жогору баалайбыз жана мамлекеттер аралык мамилелерде эл аралык укуктук принциптер жана нормалар милдеттүү түрдө сакталышын колдой турганыбызды дагы бир жолу билдиребиз" деп жазылган Тажикстан лидеринин куттуктоосунда.

9-мартка караган түнү катаал позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеи атасы, маркум аятолла Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер болуп дайындалды. Бул Ислам республикасынын тарыхында жогорку лидердин уулу атасынын ордуна келген биринчи учур.

Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон. Ал соккуларда Можтабанын апасы жана аялынын да өмүрү кыйылган.

Можтаба Хаменеи Иран Ислам республикасынын 47 жылдык тарыхындагы үчүнчү жогорку лидер болуп калды.


Шерине

XS
SM
MD
LG