Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүн 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Тармактык комитеттин 10-марттагы отурумунда документтин демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев долбоор чыгымды азайтуу жана Боршайкомдун ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкканын айтты. Ал азыр айрым учурларда БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калган учурлар бар экенин билдирди.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров документти колдой турганын, эгерде Боршайкомдун мүчөлөрүнүн саны кыскартылса 2 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөлөрүн айтты.
Депутат Дастан Бекешев бул анча деле көп сумма эмес экенин билдирип, БШКга мүчөлөрдү тандоодо адистигине көӊүл буруу керек экенин кошумчалады.
Мыйзам долбоорун депутаттар Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Таалайбек Масабиров жазган.
БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекитилген. (BTo)
Шерине