Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Дүйнөлүк базарда мунайдын баррели 100 доллардан ашты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-мартта Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине дээрлик 120 долларга чейин жетип, кийин кайра төмөндөдү. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 119 долларга жетти. Бирок соода учурунда ал да бир аз артка чегинди. Ошого карабастан дүйнөлүк рынокто кара майдын баасы 100 доллардан төмөн түшкөн жок.

Мунай баасынын кескин өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү себеп болду. 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы операция баштаган. Ага жооп катары Иран айланасындагы өлкөлөрдүн инфраструктурасына жана аскердик объектилерине сокку урууда. Дем алыш күндөрү АКШ менен Израил Тегеранга кайрадан сокку урган.

Дүйнөлүк мунай ташуунун маанилүү бөлүгү болгон Ормуз кысыгын Иран бөгөттөп салды.

Дүйнөдөгү мунайдын болжол менен 20% ушул кысык аркылуу өтөт. Азыр ал жерде миллиондогон баррел мунай жана суюлтулган газ кармалып турат.

Кысыктагы кырдаалга байланыштуу Бириккен Араб Эмирликтери менен Кувейт мунай өндүрүүнү азайтарын билдиришти. Буга мунай менен газды сатып алуучуларга жеткирүү мүмкүн болбой жатышы жана аны сактай турган жайлардын жетишсиздиги себеп болууда.

Серепчилердин айтымында, эгер Ормуз кысыгы марттын аягына чейин жабык бойдон калса, мунайдын баасы баррелине 150 доллардан да ашып кетиши мүмкүн.

Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов айткан. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көбүнчө тышкы факторлорго, анын ичинде дүйнөлүк мунай рыногундагы кырдаалга көз каранды.

Шерине

XS
SM
MD
LG