Индиялык студент 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелүүдө

Шектүү студент кыз. Ош ШИИБ тараткан сүрөт. 23-март, 2026-жыл.

Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде окуган индиялык студент кыз жердештерин жалпы 3 млн сомго алдаган деп шек саналып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал" деп аталган иш-чара учурунда 24 жаштагы студент кыз кармалып, камакка алынды. Ал өзүнүн мекендештеринен Индиянын улуттук валютасы - рупийди долларга алмаштырып берем деп, сомго айландырганда 35 миң сомдон 243 миң сомго чейинки акчаларын алып, кайра берген эмес. Милиция маалымдагандай, жалпы чыгым 3 млн сомдон ашуун.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон, учурда иликтөө жүрүп жатат. (ZKo)


Дагы караңыз

Сот Махабат Тажибек кызын эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен абактан чыгарууну чечти АКШ: Төрт киши өлгөн жол кырсыгына айыпталган кыргыз жараны 28,5 жылга кесилиши мүмкүн Жолдо мушташкан айдоочуларга айып салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалдыМанас шаарындагы филармонияга деген каражат мектептерди оңдоого жумшалат Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов "УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын" айтып чыкты