Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

АКШ: Төрт киши өлгөн жол кырсыгына айыпталган кыргыз жараны 28,5 жылга кесилиши мүмкүн

Индиана штатынын полициясы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж.
Индиана штатынын полициясы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж.

Америкада төрт кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталган кыргызстандык жаран 28,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Бул тууралуу Индиана штатынын Жей округдук прокуратурасынын айыптоо корутундусунда белгиленген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү бир нече берене менен айыпталууда, анын ичинде этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү кинеси да бар. 30 жаштагы Бекжан Бейшекеевдин катышуусунда жол кырсыгы Индиана штатында быйыл 3-февралда болгон.

Бейшекеев жүк ташуучу автоунаасын каршы тилкеге буруп, жети орундуу машине менен кагышкан. Кырсыкта америкалык төрт жаран каза тапкан. Алар 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод.

Укук коргоо органдары жол кырсыгына айдоочунун чарчоосу, ылдамдыкты ашыруу жана аралыкты сактабоо себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

Азыр Бейшекеев камакта, күрөө 100 миң доллар деп белгиленген. Эгерде сот аны бардык беренелер менен күнөөлүү деп тапса, 28,5 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG