Министр Ниязбеков коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки чеккени үчүн 3 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 23-мартта маалымат таратты. Анда Ниязбековдун атына протокол түзүлүп, банк аркылуу 3 миң сомдук айыпты төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктүн сүрөтү жарыяланды.

Мунун алдында социалдык тармактарда Ниязбековдун тамеки чегип жатканы тууралуу тасма тараган. Бул тасма 20-мартта Орозо айт күнү эски аянтта намаз окулган маалда тартылганы белгилүү болгон.

Министр Ниязбеков эски аянттагы Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын имаратынын алдында тамеки чегип турганын көрүүгө болот.

Коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам 2021-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, тыюу салынган жерлерде чылым чеккен жарандарга 3 миң сом айып пул салынат.

Дагы караңыз

Сот Махабат Тажибек кызын эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен абактан чыгарууну чечти АКШ: Төрт киши өлгөн жол кырсыгына айыпталган кыргыз жараны 28,5 жылга кесилиши мүмкүн Бишкектин Ленин райондук сотунда Тажибек кызынын иши карала баштады Жолдо мушташкан айдоочуларга айып салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды