Евробиримдик Кыргызстан үчүн аба мейкиндигин ачуусу күтүлүүдө

Президенттик учак. "Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиакоопсуздук комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Тараптар негизинен кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу тууралуу сүйлөштү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло да катышты.

Адылбек Касымалиев Еврошаркет өкүлдөрүнүн сапары Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы акыркы жылдары кыргыз авиация тармагында күрдөөлдүү реформалар жүргүзүлгөнүн, анын ичинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлүп, ИКАО стандарттары киргизилгенин белгиледи.

Касымалиев ошондой эле акыркы беш жылда жүргүнчүлөрдүн агымы да кескин өсүп, 6 миллионго, ал эми каттамдардын саны 52 миңге жеткенин, өлкөнүн аймактарындагы 11 аэропорт оңдолгонун билдирди. Кыргызстан эки Airbus A321 учагын сатып алганын айтты.

Питер Соренсен Кыргызстандын авиа тармагындагы өсүштү белгилеп, аткарылган иштерге канааттануусун билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанды авиациялык коопсуздуктан улам Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча чечим быйыл май айында чыгары айтылды.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы 2026-жылдын май айында “кара тизмеден” чыгарылат деп күтүлүп жатканын айткан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2023-2024-жылдары Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн. Президент Садыр Жапаров да өлкөнү Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгаруу иши аяктап калганын билдирген.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен маселе оң жагына чечиле элек.

Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам шаарларына түз учуп турган. Азыр адамдар Европа өлкөлөрүнө көбүн эсе Түркия аркылуу учат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда сертификациялоочу эксперттердин жоопкерчилиги күчөтүлөтБаткенде Ворух анклавын Исфара менен байланыштырган жолдун курулушу башталдыКыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китептин долбоору жана авторлору бекитилдиОш: Үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт ӨКМ өлкөдө табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскерттиЛьвовдо Орусиянын чабуулунан жаракат алгандар 20 адамга жетти