Баткенде Миң-Өрүк-Самаркандек эстакаданын курулушу башталды. Бул жол Тажикстандын Чорку айылынын четинен 16 метр бийиктикте өтөт. Чек ара маселесинен улам жергиликтүү эл Чоркуну айланган жол аркылуу карым-катнаш кылган. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин белгилешинче, эстакадалык жол аралыкты 15 чакырымга кыскартат. Ошол эле маалда Тажикстан да Кыргызстандын Ак-Сай айылынын четинен Ворух анклавын Исфара менен байланыштырган жолдун курулушун баштады. Бул жолдордун курулушу чек ара тактоо учурунда макулдашылган.
Баткендеги Миң-Өрүк – Самаркандек багытындагы эстакаданын курулушун кыргыз өкмөтү каржылап, үч жылда бүтөрү айтылды. Баткен райондук бийлиги эстакадалык жолдун узундугу үч чакырымдан ашыгыраак, туурасы 40 метр болорун ырастады.
“Бул жолду эми Баткен жана Лейлек районунун эли жакшы билет. Биз кошуналар менен күн сайын бири-бирибиздин жолубузду кесип өтөбүз да. Анан кээ бир учурда түшүнүксүз жагдайлар жаралып калышы мүмкүн да. Эми бул жолдор курулгандан кийин биз эки тарап бири-бирибиз менен кесилишпей түз каттап калабыз. Мындан тышкары Төрт-Көчөдө жол чырак бар, кезектешип каттап өтүшөт эки өлкөнүн унаалары. Ал жерге да эстакада куруу планы бар. Бул жерге эстакада курулгандан кийин да астындагы жол да, эстакада да биздики бойдон кала берет”, - деди Баткен районунун акими Данир Иманалиев.
Иманалиевдин айтымында, курулуп башталган Чорку - Ворух жолунун курулушун тажик тарап ишке ашырып жатышат.
Быйыл марттын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданган. Кыргызстандын Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай аралыкка зым тартыларын жарыялаган.
Маалыматка караганда, жалпы 420 чакырымдай тилке тосулушу керек, анын 150 чакырымдайы өткөн жылы тосулган. Эксперттер бул иштер соңуна чыкса жалпы эле чөлкөмдүн коопсуздугуна, ошол эле маалда экологияга дагы оң таасирин тийгизерин айтышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялардын чечими менен бекитилген.
Ал эми калган 486,94 чакырым чек ара тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Азыр ушул тилкелерде инженердик тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө. (JsA/KE)
Баткенде Ворух анклавын Исфара менен байланыштырган жолдун курулушу башталды
Шерине