УКМК Чүйдө сот системасында коррупциялык схема аныкталганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт. 25-март, 2026

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотундагы коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Мекеме облустук соттун А.Ж.Б. аттуу улук катчысы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң доллар алганын 25-марттагы маалыматында кабарлады.

"Кийин ал Т.М.Т. аттуу жаран үчүн бул маселени оң жагына чечип бере алган эмес. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда алынган акчанын бир бөлүгүн 651 миң сом жана 2 миң 800 долларды кайтарып берип жаткан учурда Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. кылмыш үстүндө кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп жазылды маалыматта.

Атайын кызмат тергилип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге К.А.А. аттуу жарандын, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын да тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирди. Ал 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.

УКМК аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин Жапаров 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирген.

Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген. (КЕ)

Дагы караңыз

ЕККУнун башкы катчысы Кыргызстанда аялдар саясатка кеңири катыша аларын белгиледиИранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 26 күн болдуКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 81 млн сомдук келишимге кол коюлдуБУУ: Жакынкы Чыгышта карапайым эл олуттуу зыян тартууда