Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк АКШ, Израил жана Иран аралашкан жаңжал Жакынкы Чыгышта карапайым калкка олуттуу зыян келтирип жатканын билдирди.
«Кагылышуулар башталгандан бери Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдү жана Иордания аймагындагы аскердик базаларды, турак жайларды жана энергетикалык объектилерди көп сандагы дрон жана ракеталар менен бутага алды. Соккулар жана дрондорду абадан жок кылуу аракеттеринен улам карапайым жарандар зыян тартып, ондогон адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына себеп болду», — деди Түрк 25-мартта Женевадагы Адам укуктары кеңешинде жасаган билдирүүсүндө.
Жогорку комиссар кошумчалагандай, Ирандын бардык 31 провинциясында жарандар аба соккуларынан жашырынып күн көрүүгө аргасыз болууда. Расмий Тегерандын маалыматына ылайык, 28-февралдан бери болжол менен 1 400 жаран каза болуп, 20 миңден ашууну жаракат алды. Адам укуктарын коргоочу уюмдар да ушуга жакын сандарды келтирүүдө.
«Ирандыктар соккулардан жашынып жаткан маалда алар дагы бир катаал мамлекеттик басымга туш болууда — өлкөдө негизсиз кармоолор, өлүм жазалары, коркутуу жана цензура күч алды», — деди Тюрк.
Ошондой эле ал Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарын үзгүлтүккө учуратуусу дүйнөлүк азык-түлүк, дары-дармек жана энергетика тармагында коркунуч жаратып жатканын белгиледи. Мунун кесепети айрыкча дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттер үчүн оор болушу мүмкүн.
Ал бардык мамлекеттерди жаңжалды токтотуу үчүн дароо чара көрүүгө чакырды.
Шерине