Львов: Орусиянын чабуулунан ондогон киши жабыркады, тарыхый жай бузулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын куралдуу күчтөрү шаршембинин таңында орус аскерлери 150 чакты дрон атканын, басымдуусу атып түшүрүлгөнүн билдирди. 24-мартта Львов шаары жапырт чабуулга кабылганда 27 киши жаракат алып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги тарыхый жай бүлүнгөн. Ал эми Орусия далилдерге карабай, аскердик инфраструктураны гана бутага алганын билдирип келет.