Абактагы саясатчы Жээнбеков УКМКны реформалоого чакырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

7 жыл 8 айга кесилип, ушул тапта абакта жазасын өтөп жаткан оппозиционер Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Жээнбеков бул үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Саясатчы мындай чакырыкты Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, бийлик атайын кызматты реформа кылууну убада кылган учурга туш келди.